Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

ЧЕБЕР УЗ ЖУМАБҮБҮ АРТЫКБАЕВАНЫН КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮП ЖАТАТ


Ольга Мануйлованын үй музейинде жүрүп жаткан көргөзмөдө жалаң кыргыз элине тиешелүү болгон буюмдар коюлду. Алсак шырдактар, ала-кийиздер, жаздыкчалар, улуттук кийимдер, колго көтөрө турган баштыкчалар жана кийиз бетине ошондой эле чийге тартылган оюм-чийимдер көрүүчүлөрдүн сынына коюлган.

Көпчүлүк буюмдарда элдик эпостордо, жомоктордо сүрөттөлгөн окуялар купуя түшүрүлгөн. Көргөзмөдө эң негизги өзгөчөлөнгөн эмгек- бул Саякбай Каралаевдин портрети менен бирге атактуу манасчылардын элестери түшүрүлгөн чий эсептелинет.

Бул эмгектин жаралышы туурасында Жумабүбү Артыкбаева мындай деди:

- Биз кыргыз болуп, Кыргызстанда жашаган соң “Манас” эпосу жана эпосту айткан манасчылар ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашаш керек. Балдарыбызга да айтып жеткиришибиз керек. Мага Саякбай Каралаевдин манас айтканы жаккандыктан ушул эмгекти жасадым. Аны жасоо үчүн бир айдан ашык убакыт кетти.

Мындан сырткары буюмдарга кыз-куумай, оодарыш жана башка элдик оюндар, жаныбарлардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Чебердин айтымында бул буюмдар бир эле көргөзмөгө коюлбастан сатыкка да чыгарылат.

Чебердин кардарлары көпчүлүгү чет өлкөлүктөр. Мисалы Кытай, Америка, Чехославакия өлкөлөрүнө сатылат.

- Менин чоң апаларым чебер адамдардан болушкан. Кичинемден эле аларга жардам берчимин. Өзүмдүн апам азыр сексен беште болсо дагы колунан ийне түшпөйт. Андыктан ушундай чеберлердин чөйрөсүндө өскөндүктөн мен да башка кесипке кете алган жокмун. Биз үй-бүлөбүз менен кол өнөрчүлүктү аркалайбыз. Мага эжелерим жардам берет. Уул-кыздарым да сүрөт тартуу менен алектенет, - дейт Жумабүбү Артыкбаева.

Чебердин айтымында ар бир буюмду жасоо үчүн бир, бир жарым ай убакыт талап кылынат. Жумабүбү айым ошондой эле сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенет.

Анын сүрөттөрүндөгү башкы тема аялзатынын ички дүйнөсүн жана коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдү чагылдыруу.

- Кээ бирде сүрөт менен жакшы жеткире турган ойлор болот. Айрым учурларда тескерисинче кийизге түшүрүлгөн оюм-чийимдер менен жеткиликтүү болот. Андыктан байкаштырып, талдап туруп анан эмгектеримди жаратам, - дейт Жумабүбү Артыкбаева.

Жумабүбү айым келерки жылы жеке сүрөт көргөзмөсүн ачууга ниет кылууда. Ал эми учурда жүрүп жаткан улуттук буюмдардын көргөзмөсү сентябрга чейин созулмакчы.
XS
SM
MD
LG