Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

КОШ КАБАТ БЮДЖЕТ


Эмдиги жылдын экономикалык өнүгүшү 5,5%, инфляция деңгээли андан бираз төмөн болору эмитен эле болжолдонууда. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги оорчулугу салык менен бажы төлөмдөрүнө түшөт. Бул ирет деле өкмөт социалдык тармакка өзгөчө көңүл бура тургандыгын ырастоодо.

Эмдиги жыл бюджетинин буга чейинкилеринен айырмасы ортодогу облус, району жок, республикалык жана жергиликтүү деп эки форматтан куралганы болду окшойт. Жергиликтүү айыл өкмөттөрү менен облус, районго баш ийчү шаарлардын бюджетин өзү бекитип келген облус жетекчилери негизги экономикалык мыйзам долбоорундагы жаңылыкты кыйла сүйүңкүрөбөй кабыл алды. Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев дүйнөдө жок мындай экономикалык мыйзам Кыргызстанда гана жазыларын жарыя кылды.

- Биз дагы издеп көрдүк. Мен, мисалы, таба алган жокмун. Бардык өнүккөн мамлекеттерде эң жакшысында үч эле деңгээл. Анан эми бул жагынан революциялык кадам жасайбыз деп эле бара беребизби?

Облус жетекчилеринин эмдиги жыл бюджетине карата салкын-суз мамилесинин себеп-жөнүн Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров мындайча түшүндүрдү.

- Бул эмнени айтып жатат? Бул салыктарды өзү чогултуп, дотациясыз жашап келген айыл-шаарлардын дүркүрөп өнүгүшүнө шарт түзүлөт дегенди түшүндүрөт. Ошону менен бирге өзүнүн салык базасы жок, өнөр жай ишканасы жок айыл өкмөттөрү таптакыр талаада калыш коркунучу да бар. Бул жерде губернаторлордун түздөн-түз финансылык бийлиги жокко чыгып, бирок да саясий бийлиги калып калат,- дейт А.Жапаров.

Өткөн жылы Кыргызстандын экономикасында эч кандай жылыш болгон жок. Быйыл ички дүң продуктуну 8% көтөрүү милдетинин ишке ашырылышы арсар болуп турат. Ошондон өкмөт эмдиги жылга экономикалык өнүгүштү 5,5% жеткирүү милдетин алдыга коюп, инфляция деңгээлин 5% ары көтөрбөй турууну көздөөдө. Эмдиги жыл бюджетинде ички дүң продукт 122 миллиард сомду түзөрү болжолдонууда. Бул быйылкы жылдан анча деле айырмасы жок. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Тынычбек Табалдиев өкмөт алдына азыркысынан бийигирээк максат-милдетти коюшу зарыл деген пикирде.

- Быйыл деле 5% өсүү болот. Эмдиги жылга деле ошол эле 5% пландап жатабыз. Анан менде ушул жерде күмөнсүү пайда болуп жатат. 2006-жылы экономиканын өнүгүшүнө көп негиз түзүп жатабыз, инвестициянын келишине шарт түзүп жатабыз,- деп айтты Т.Табалдиев.

Анын ырасташынча: - Ички дүң продукттун көлөмүндө эмдиги жылы быйылкыга салыштырганда 0,5% гана өсүш болот экен.

Т.Табалдиев Нарын дарыясында Камбарата ГЭСтеринин, Бишкекте ипотека курулуштарынын башталганы турганын айтып, эмнеликтен экономикада эмдигиче олуттуу дегидей өсүш болбой атканына таң калганын жашырган жок. Буга экономика жана каржы министри А.Жапаров жооп кылып, ишеним арткан Камбарата ГЭСтеринин курулушуна азырынча бир да инвестор акчасын көтөрүп келе электигин мисалга тартты.

- Камбарата 1 менен 2 куруш үчүн 3,5 миллиард доллар керек. Абрамович анан Кабранович баары келип атты. Мына бир жыл болду мына келем, бир тыйын акча берем деген бир киши да жок.

Ички дүң продуктунун 63% жакынын түзгөн «Кумтөр» алтын кени менен энергетика тармагындагы абал элдик революциядан кийинки экономиканы турукташтыруу маанилүү экенин ачыкка чыгарууда. Алдагыдай кыйынчылык бучкактап турганда КМШ өлкөлөрүндө биринчилерден болуп кош деңгээлдеги бюджетти өкмөт парламенттин талабы боюнча түзүп олтурат.

- Мыйзам кабыл алынган. Эгер биз кош деңгээлдеги бюджетти быйылкыга кабыл алсак чоң каржылык кыйроого учурамакпыз. Саясий, экономикалык жагынан да ошондой болмокпуз,- деп айтты өкмөт башчы Феликс Кулов. Анын айтуусунда, өкмөт айла жоктон жаңы форматка өтүүдө.

- Мен муну жакшы-жаман деп айталбайм. Бирок да даярдыксыз биринчи болуп кирип атышыбыздын эсесин кийин төлөшкө туура келет,- дейт өкмөт башчы.

КМШ мамлекеттери арасынан кош деңгээлдеги бюджет түзүү жөpөлгөсүн Украина баштап, бирок да жарым жылдан соң андан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG