Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

ЛИВАНГА БЕЙПИЛДИК КҮЧТӨРҮН ЖИБЕРҮҮ КАМЫЛГАЛАРЫ


Бириккен Улуттар Уюму Ливадын түштүгүнө бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу үчүн ургаалдуу камылгаларды көрүүдө. Буга чейин эле өлкөдө жайгашып келген эки миң жоокерден турган бейпилдик күчтөрүнө эми жакын арада кошумча 3500 жоокер кошулууга тийиш. Бул жаңы бейпилдик күчтөрү кандай шартта иш алып барат? Дал ушул маселе такталмайынча, европалык бир катар өлкөлөр өз жообун маалкатууда.

Азырынча, мусулман өлкөлөрү Бангладеш, Индонезия, Малайзия жана Гималай тоолорундагы Непал падышалыгы сыяктуу өлкөлөр гана Ливанга бир-эки батальондон аскер жиберүүгө даяр экенин билдиришти (бир батальондо 500дөй жоокер бар).

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) үчүн, ошентип, эки апта ичинде 3500 аскер топтоо мүмкүнчүлүгү жүзөгө ашырылчудай кейиптенип калды. Бул аскерлердин келиши менен Ливан өкмөтүнүн аскерлерин өлкөнүн түштүк аймактарына жайгаштыруу жана Израилдин аскерлерин бул аймактардан чыгарып кетүү жараяны жүзөгө ашырылат.

Бирок Бириккен Улуттардын 11-августта кабыл алынган резолюциясын толук жүзөгө ашыруу үчүн Европадан чоң сандагы аскерлерди алып келип жайгаштыруу зарыл. Ал эми азырынча, европалыктар өз жообун маалкатууда.

БУУнун Башкы Катчысынын орун басары Марк Мэллок Браун (Mark Malloch Brown) бул маселе тууралуу бейшембиде сөз козгоп, Франция сыяктуу өлкөлөрдөн көбүрөөк аскер келсе болот эле деген пикирин мындайча билдирди:

- Биз эч нерсени жашырбай эле айталы, биз Франциянын мындагы салымы кыйла олуттуу болот ко деп үмүт артканбыз. Бирок биз колубузга тийген мүмкүнчүлүктөргө да ыраазыбыз.

Франция Ливандагы БУУнун бейпилдик күчтөрүн жетектөөгө макул болгон менен, ушул тапта аймакка болгону 200 жоокерин аткарууга даяр.

Франциянын Коргоо министри Мишель Алио-Мари (Michele Alliot-Marie) Ливанга аскер жөнөтүүдөн мурда анын милдеттерин жана жашоо шарттарын тактап алуу керектигин шаршембиде (16-августта) эскертти:

- Эгерде сиз бейпилдик күчтөрүнүн максатын алдын-ала таасын аныктабастан туруп жана анын тийешелүү жана жетишээрлик чоң көлөмдө болгон ресурстарын тактабастан эле, бул күчтөрдү аттандырчу болсоңуз, анда алааматка кабылышыңыз мүмкүн, анын ичинде биз жибере турган жоокерлер үчүн да олуттуу кесепеттер туулушу ыктымал.

Германия, Британия жана Дания кургактыкта аракет кылбастан, Жер Ортолук деңиз боюна гана өз кемелерин жиберип, курал-жарактарды деңиз аркылуу мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы турушаарын маалымдашты.

Герман канцлери Ангела Меркел (Angela Merkel) бейшембиде (17-августта) Берлинде чыгып сүйлөп, өз өлкөсү Ливанга гуманитардык жардам берүү менен чектелээрин мындайча айтты:

- Мен алдын-ала айтып койгум келет, биз гуманитардык жардам берүүгө даярбыз жана ал үчүн конкреттүү план сунуштап жатабыз. Биз ал жакта кандай жумуш күтүп жатканын карап көрүүгө тийишпиз. Аба аркылуу жүк жеткирүү, көчмө оорукана сыяктуу ооруктук жардамды уюштуруу – мындай иш-аракеттин биринен болушу мүмкүн. Ушунун баары тең азыр ойлонуштурулуп жатат, бирок ушул тапта биз гуманитардык жардам көрсөтүүгө гана даярбыз.

Серепчилердин маалымдашынча, Экинчи дүйнөлүк согуштун жарасы айыга элек чакта, расмий Берлин өз жоокерлери Израил жоокерлери менен кагылышууга барышы мүмкүн болгон ар кандай жагдайлардан алыс болууну эп көрөт.

Айтмакчы, Ливандык шийилердин “Хизболла” партиясынын жоочуларын ким куралсыздандырышы керек – Ливандын өкмөттүк аскериби же эл аралык бейпилдик күчтөрүбү? Бул маселе да азырынча ачык бойдон кала берүүдө.

Ливандык шийи жоочулар болсо өлкөнүн түштүгүнө өкмөттүк аскерлер менен эл аралык бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууга макул болгон менен, өз курал-жарактарын өткөрүп бербей турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG