НАРЫН. Акыйкатчынын Нарын облусу боюнча өкүлү Зуура Үмөталиеванын билдирүүсү боюнча Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын шаарында 31 үй жашоого коркунучтуу болгондуктан жашоочулар үйлөрүн таштап кеткендерин аныкташкан. Учурда Нарын шаарындагы 5 үйбүлө чатырларда жашап жатышат. Мындай үй-бүлөлөр үчүн республикалык казынадан июль айында 50 млн. сом бөлүнгөн. Каралган каржаттын 5 миллиону абалы оорлорго кезексиз берилиши керек болгон. Ал акчадан чатырларда жашаган беш үйбүлөгө бөлүнгөн эмес. Күз жакындаган сайын үйсүз калгандар жардам сурап бардык бийлик бутактарына кайрылышууда.
Жаркын Ибраева
Жаркын Ибраева