«АЗАТТЫК»: Көптөгөн сурамжылоолор «айкындуулуктун» кеңири даңазаланышы баарыдан мурда чет өлкөлөрдө болгонун белгилешет. Айрыкча Европа менен Кошмо Штаттарында ошондой эле мурда Cоветтер союзун түзүп турган өлкөлөрдө анын оорагы кеңири экен. Сиз айкындуулук демилгесин баштоочу катары анын ар башка бааланып калышына кандай себеп бар деп ойлойсуз?
ГОРБАЧЕВ: Айкындуулуктун бизде жана чет өлкөлөрдө ар башка бааланып калышынын жетишерлик түшүндүрмөсү бар. Чыгыш Европа менен Борбордук Европа эркиндик жана көзкарандысыздык алышты. Бүтүндөй Европа түгөнбөс жакалашуудан бошонушту. Болгондо да ал кармашуунун акыры ядролук кагылышууга кабылтчу тирешүүдөн бошонушту, - дейт ал.
Андан ары Горбачев Күңкорсуз мамалекеттер шериктештигине таркаган айкындуулуктун оорагы туурасында мындайча ой жыйындысын айтат:
ГОРБАЧЕВ: Мен аки-чүкүсүнө дейре териштирип олтурбай айтсам, мындай. Ал өлкөлөрдүн (КМШ – ММ) калкынын көпчүлүк бөлүгүнөн же болбосо алардын элитасы деп коюучу топторунан мен кандайдыр бир артка кайрылгысы келген умтулууну же Cоветтер союзу жок болуп кетти деп кайгырууну сезбедим. Азыркы тушта сурамжылоолор жыйынтыгы СССРге кайра келсек дегендер эсеби 5-7 пайызга жетет экен. Орусиянын абалына келсек – бул өзгөчө сөз. Ал баарыдан көп жоготууга учурады. Геосаясий жактан алганда ал ири держава болуудан калды. Чейрек миллиард калктын башын бириктирген (өлкөлөр – ММ) топтун экономикалык чордону болуудан калды. Ельциндик, гайдардык кайра жаралуу учуру мамлекеттин өнөр жай кыр аркасын сындырып салды. Миллиондогон атуулдар жакырчылыкка дуушар болду. Менчиктештирүүнүн жүрүшү натыйжалуу жеке менчик ээлерин пайда кылуунун ордуна калктын тонолушуна алып келди. Ошондо жарандар советтик кездеги социалдык кепилдикти эңсей башташты. Ал кезде аз, бирок ар бир кишинин күнүмдүк керегине жеткидей социалдык кепилдик бар эле. Бүгүн, Путиндин тушунда абалдын оңоло баштаганына карабай, бери дегенде, калктын жарымы дагы эле жакырчылыкта, - деген Горбачев.
«АЗАТТЫК»: Бүгүнкү Орусиядагы сөз эркиндиги менен демократиянын абалын сиз кандай баалайсыз?
ГОРБАЧЕВ: Азыр демократиянын өнүгүшүндө сөз эркиндигин кысымга алып атат деп күнөөлөшүдө. Мындай сын коомчулукту тетири каратууда. Кишилер андай «кокуй» сынды четке кагат. Бирок четтик сынды кабылдабасак да болуп аткандарга биз өзүбүз сын көз менен кароого тийишпиз. Демократиялык көчтүн жүрүшү жогорку шартта болуп аткан жок. Ал биздин тарыхтын жердигинде жүрүп атканын эске алып ага сын көз менен кароо абдан керек.
Менимче, президент Путин бийликке келгенде, баарыдан мурда, өлкөнүн бир бүтүндүгүн камсыз кылуу түйшүгүн башынан өткөрдү. Ал жерде демократиялык окуу куралдарында жазылган үлгүлөргө окшобогон чаралар көрүлдү. Ансыз ишти оңолтуу мүмкүн болбоду. Ооба, (өлкөдө - ММ) азыр бизди беймаза кылган калыстыгы жок көрүнүштөр бар. Орусиялык шарттын өзгөчөлүгүнө дал келбес, чындап эле коркунуч туудурабы жокпу түшүнүп болгус себеп менен тыюу салуулар, чектөөлөр бар. Ошого карабай мен жагдайды анча эле оор дештен алысмын. Жыйырма жыл ичинде Орусия ушунчалык катуу өзгөрдү. Анын өткөнүнө кайтып кетиши эми мүмкүн болбой калды. Эң башкы кеп ушунда, - деген Горбаче мырза.
«АЗАТТЫК»: Кайра мындан 15 жыл мурдагыга келеличи. Сиз элдин көпчүлүгү колдоп бийликте турганыңызда чечкиндүү аракетти жактоочу, арасына өзүңүздүн досторуңуз кошулган күчкө жеңдирип койдуңуз. Ал кезде анча көп кишилер тыжрыйбалуу эмес эле, сиз өзүңүз ошол күндөрдөн кандай таалим алдыңыз?
ГОРБАЧЕВ: Демократиянын жолу менен бара берүү керек. Элди сыйлоо керек. Кайра да аларды биздин өлкөдө жүздөгөн жылдар үйүр-үйүр болуп жайылып жүргөн малга айлантайлы. Төңкөрүш чыгарып биз эч кандай маселени чече албайбыз. Маселелерди элдин катышуусу менен жарандар коомчулугунун көмөгү менен чече билели. Албетте, демократиянын натыйжалуу болгону жакшы. Укук тепсөрүүндө калбасын. Уурулар менен паракорлор өлкөдө өз билгенин жаcап, ээн-эркин жүрө албагандай шарт түзүлсүн. Биз тандап алган жол – бул өзүбүздүкү. Ал демократиялануунун жолу. Эркин, ачык жана жаңыланып курулган өлкөдөгү демократиялык кайра жаралууну карай бара берүү, - деген Нобел сыйлыгынын лауреаты Михаил Горбачев.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы