Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

“КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ДӨӨЛӨТТӨРҮ” “ЭГЕМЕН КҮНҮМӨ...” ЖЕТКИРДИ


Өтүп бараткан аптанын маданий окуялары

Бул жумада борборубуздун тургундары жана меймандары Ольга Мануйлованын үй-музейиндеги чебер уз Жумабүбү Артыкбаеванын жеке көргөзмөсүнө күбө болушту. Аталган көргөзмөдө шырдактар, ала-кийиздер, жаздыкчалар, улуттук кийимдер, колго көтөрө турган баштыкчалар жана кийиз бетине ошондой эле чийге тартылган оюм-чийимдер көрсөтүлдү. Көпчүлүк буюмдарга элдик эпостордо, жомоктордо сүрөттөлгөн окуялар купуя түшүрүлгөн. Ал эми эң негизги өзгөчөлөнгөн эмгек- Саякбай Каралаев баштаган атактуу манасчылардын элестери түшүрүлгөн чий болду. Бир жарым ай убакыт аралыгында жасалган эмгектин жаралыш идеясы туурасында чебер мындай деди:

- Биз кыргыз болуп, Кыргызстанда жашаган соң “Манас” эпосу жана эпосту айткан манасчылар ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашаш керек. Балдарыбызга да айтып жеткиришибиз керек. Мага Саякбай Каралаевдин Манас айтканы жаккандыктан ушул эмгекти жасадым,-дейт Жумабүбү айым.


Көргөзмөгө коюлган буюмдар сатыкка да чыгарылды. Жумабүбү Артыкбаеванын айтымында анын кардарларынын көпчүлүгү чет элдиктер. Жумабүбү айым ошондой эле сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенгендиктен келерки жылы жеке сүрөт көргөзмөсүн ачууну максат кылууда. Ал эми кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдарынын көргөзмөсү сентябрга чейин созулмакчы.


Бейшембиде “Калемгер” адабий клубунун салтка айланган “Эгемен күнүм, эргиген үнүм”- деген аталышта поэзия кечеси өттү. Эгемедүүлүк күнүнө арналган бул кечеде акындар Ата-Бейитке барып, 1937-жылкы репрессияда курман болгондордун арбагына багыштап ырларынан окушту. “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси Мирлан Самыйкожо уулу мындай кечелер алдыда улана бере тургандыгын жана ал иш-чаралар эл алдына чыга элек калемгерлердин катышуусунда өтө тургандыгын билдирди.



Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде Украинанын көз карандысыздыгынын он беш жылдыгына карата украин сүрөтчүлөрүнүн жана чеберлеринин эмгектеринен турган көргөзмө ачылды. Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, шаардык мериянын жана Казакстандын элчилигинин өкүлдөрү ошондой эле бир катар коноктордун катышуусунда ачылган көргөзмөдө сүрөтчүлөр Роман Гуманюк менен Владимир Шевченконун Украина менен Кыргызстанды чагылдырган сүрөттөрү көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Ошондой эле украин элинин улуттук кийимдери жана буюмдары көрсөтүлдү. “Берегиня” коомдук фонду мененУкраинанын Кыргызстандагы элчилиги биргелешип уюштурган бул кечени “Калина” ансамблинин аткаруусундагы чыгармалар коштоду.


18-19-августта Таластагы “Кыргыз улуттук Манас ордо” комплексинде “Кылым карыткан кыргыз дөөлөттөрү” аттуу телесынактын жыйынтыгы чыгаруу аземи болду. Иш-чарада Кыргызстандын дубандарынан тандалып алынган өнөр адамдары тогуз номинация боюнча ат салышышты. “ЭлТР” коомдук телерадиокомпаниясы, Маданият министрлиги жана Талас облустук администрациясы биргелешип өткөргөн иш-чарада катышуучулар Манас ордосунда өнөрлөрүн гана тартуулап тим болбостон, тажрыйба алмашканга да мүмкүнчүлүк алышты. Ошентип манас айтуу, төкмөлүк өнөр, комузчулук, мүнүшкөрлүк, тайган таптоо жана башка кыргыздын унутулуп бара жаткан салттарын камтыган бул иш-чаранын соңунда катышуучуларга “Кылым карыткан кыргыз дөөлөттөрү телесынагынын лауреаттары” деген атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын чечими менен “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу эл аралык фестиваль өткөрүлө турган болду. Иш-чаранын жобосу басма сөз беттеринде жарыяланып, даярдыктар көрүлө баштады. Фестивалдын координатору Нурлан Байчекировдун айтымында катышуучулардан суроо-талаптар түшүүдө:

-Учурда бизге телефон чалып сынакка катышууну каалаган адамдар көп болууда. Биз аларга сынактын жол-жоболорун түшүндүрүп, ошондой эле облустук маданият башкармалыктары менен да иш жүргүзүп жатабыз,- дейт Нурлан мырза.

Фестивалдын жыйнтыктоочу туру 21-сентябрда Бишкекте А.Малдыбаев атындагы улуттук опера балет театрында өтөт. Ал эми 22-сентябрда жеңүүчүлөрдүн гала концерти эстрада ырчыларынын коштоосунда болот.

Айжан Шаботоева, Бишкек

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG