Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Кыргызстандан Орусияга кетүүгө 9 миңден ашык орус арыз берген


Бул тууралуу Орусиянын Федералдык Иммиграция Кызматынын Бишкектеги бөлүмүнөн билдиришти. Быйыл азырга чейин 10 миң киши Орусияга көчүп кеткен. Орусияда калктын саны азайып бараткандыктан, президент Путин чет өлкөлөрдөгү орустарга тарыхый мекенине кайтышы үчүн акчалай жана социалдык артыкчылыктарды берүүгө чакырган. Быйылкы жылдын биринчи жарымында Орусиянын 142 миллион 400 миң калкы дээрлик 350 миң кишиге азайган.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG