Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

МАСКӨӨДӨГҮ БАЗАРДЫН ИЧИН ЖАРДЫРУУ КИМДИН КОЛУНАН КЕЛДИ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвадагы Черкизов базарындагы жардыруу боюнча ар башка божомол айтыла баштады. Соодадагы атаандашуу негизинде кармаштан улам же террорчулук же улуттук касташуудан улам жасалган акт дешүүдө. Дүйшөмбүдө орун алган ал окуядан 10 киши өлүп 50дөй киши жарадар болуп ооруканаларга түшкөн. Москвалык прокурордун айтымында бул кылмыш иши боюнча эки киши кармалган эле. ИНТЕРФАКС агенттиги таркаткан маалыматта аларга кечээ прокуратура улуттук касташуудан улам жасалган акты деген расмий кине койду.

Маскөөдөгү Черкизов базары азык-түлүк, буюм-тайым, кийим-кече сатылчу соода түйүнү. Эксперттер эсебинде ал базардагы бир эле соода кылып олтургандар эсеби 60 миңге жетет. Ал базарда кыргызстандык үч миңге чукул жаран эмгек этишет. Алардын ал-абалын маскөөлүк диаспора жетекчилеринин бири Медербек Абдуллаевден уктук:

«Жардыруу болорун угарым менен айланадагы соода кылган кыргыздарга улам телефон чалып, билдим. Мен ал кезде шаарда болчумун. Биздин мекендештер арасында андан (жардыруудан – ММ) жабыр тарткандар жок», - деди Медербек.

Анын катарында Тажикстандан келген эмгек мигранттар арасынан бир маалыматта –13, экинчи маалыматта - 6 киши жарадар болушкан. Алар оорунаналарда. Базардагы Коргонтөбөлүкмүн деген жигит мындай дейт:

«Менин атым Ибрайым. Коргонтөбөдөн боломун. Базарда жардыруу болгондо ушул жерде иштеп аткамын. Кыйла киши набыт болуп, жарат алышты», - деди ал.

Кечээ баш калаанын прокурору Юрий Семин базарда жардыруу болгон маалда кармалышкан эки боз уландын үстүнөн «улуттук араздыктан улам көпчүлүккө коркунучтуу арга менен эки жана андан көп кишини өлтүргөн топ» беренеси астында кылмыш ишин козгоо болгонун айтты.

Колго түшкөндөрдүн бири Маскөөдөгү Менделеев атындагы химия институтунун 4-курсунун студенти Олег Костырев, экинчиси - Маскөөдөгү социалдык институтунун 3-курсунун студенти Илья Тихомиров болуп чыгышкан.

Алар үйүнөн жаcап келип Черкизов базарынын ичине койгон чала бомбадан Кытай, Вьетнам, Тажикстан, Өзүбекстан, Беларус, Украина, Молдова өлкөлөрүнөн келип эмгек этип жүргөн мигранттар жабыр тартышты.

Черкизов базарында өткөн жылы кышында да эбегейсиз өрт чыгып, араң басышкан. Сентябрде товарлары сакталчу жайлары өрттөнүп анда бир уу-дуу болушкан.

XS
SM
MD
LG