Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

КООРТ СЫНАЛГЫ КАНАЛЫ КИМДИН КОЛУНА БАРДЫ?


Буга чейин НТС сыналгы каналынын башкы директору болуп иштеген журналист Оксана Малеваная 23-августтан тарта КООРТ сыналгы каналынын башкы директору болуп калды. Ошол эле убакта “Пирамида” сыналгы каналынын көрсөтүүлөрү акыркы эки жумадан бери обого чыкпай келүүдө. Бул жагдайларга байланыштуу бийлик эркин сыналгы каналдарды акырындап "өчүрүү" аракеттерин жүргүзүп жатат деген пикирлер пайда болууда.

Журналист Оксана Малеванаянын Акипресс агенттигине берген маалыматы боюнча, КООРТ сыналгы каналы кийинчерээк "5-канал" деген аталышка ээ болмокчу.

Анын айтымында телеканалдын ээси да өзгөргөн, мындан ары “Глобал медиа” деп аталган компания телеканалдын жаңы акционери жана ээси болуп калмакчы. Бирок бул компаниянын ээси тууралуу сөз жок.

Журналист калкынын арасында айтылып жүргөн сөздөр боюнча 5-канал деп аталуучу телеканал да мурунку бийликтин тушундагы КООРТ сыяктуу бийликтин көз карашын чагылдырган маалымат каражаттарынын катарын толукташы ыктымал деген пикирлер бар.

Мындан тышкары көз карандысыз “Пирамида” телеканалынын 17-августтан бери обого чыкпай жатышы жана НТС эркин телеканалынын борбор шаардан башка аймактарга көрсөтүлбөй калышы бийликтин эркин телеканалдарды акырындык менен өз нугуна бурууга же такыр жаап салууга аракети бар ыктымалдыгын күчөтүүдө.

“Медиа өкүл институту” коомдук фондунун жетекчиси Илим Карыпбековдун пикири боюнча, эркин телеканалдарды ар түрдүү жолдор менен кысып, алардын үнүн өчүрүүгө жасалган аракет кооптонууну туудурат:

- Сөз эркиндигин жана демократияны сактаган бийлик НТСтин аймактарга тарашына, “Пирамида” телеканалынын көрсөтүүлөрү обого чыгуусуна кызыкдар болууга жана алардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө тийиш болчу. Бизде тескерисинче болуп жатат. Ошондуктан маалымат каражаттарынын, анын ичинде эркин телеканалдардын азыркы акыбалы кооптонууну туудурат.

Илим Карыпбековдун айтуусунда эгер бир тарап ири маалымат каражаттарын колго алып алса, анда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын буга чейинки жетишкендиктери жокко чыгат.

Бирок “Пирамида” сыналгы каналынын кызматкерлери техникалык себептер менен гана көрсөтүүлөрүн обого чыгара албай жаткандыгын белгилешүүдө. Эскерте кетүүчү нерсе, өткөн жылдын аягында аталган телеканалга ээлик кылууга “Медиаинвест” компаниясы аракет жасап, бирок андан майнап чыкпай калган.

Ал эми өткөн жылы түзүлүп, көрсөтүүлөрүн Бишкек, Чүй аймагынан башка Ош, Жалалабад, Баткен жана Балыкчы шаарларына чейин көрсөтүп баштаган НТС эркин телеканалы май айынан тарта берүүлөрүн аймактарга көрсөтө албай калганы белгилүү.

Муну айрым талдоочулар учурунда бийлик тарабынан сөз эркиндигине жасалган кысым деп баалашкан.

Бирок НТСтин жооптуу редактору Алмазбек Турдумаматовдун сөзүнө караганда НТС телеканалынын аймактардагы берүүлөрү жакынкы арада кайрадан жанданмакчы:

- Бизге көрсөтүүлөрүбүздү аймактарга кайрадан чыгаруу тууралуу бийлик тараптан сунуштар түшүп жатат. Азыркы учурда даярдык жүрүп жатат.

Кыргызстанда радио жана теле жыштыктар шарт боюнча конкурс аркылуу берилүүгө тийиш.

“Интерньюс” коомдук уюмунун юристи Шамарал Майчиевдин айтуусунда бүгүнкү күнгө чейин жыштыктар мындай жол менен берилбей келүүдө. Радио жана телеканал ачууну каалагандар алгач радиотолкундар боюнча мамлекеттик агенттикке кайрылышат.

Андан кийин коопсуздук кеңешинин көзөмөлү астындагы жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиянын текшерүүсүнөн өтүп, алар уруксат берсе гана толкундарга ээ боло алышат.

Шамарал Майчиевдин маалыматы боюнча, жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына атуулдук коомдун өкүлдөрү киргизилген эмес.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG