Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:24

ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА ЫРДЫН ГҮЛҮН ТЕРИП ЫРДАЙТ


Ордо калаага жакалай жайгашкан Акөргө чөлкөмүндө жашаган таанымал ырчы Гүлзат Байзакованын эшигинин алдына барганымда өмүрлүк жолдошу Ишенбек Каландаров менен
обончу, ырчы Төлөш Турдалиевдин “Жылкычы келинге” аттуу ырын созуп жатышыптыр.

Мелтиреп асман көгөрүп,
Мен турдум бакта жөлөнүп,
Алдымдан чыкты бир келин
Алдына бала өңорүп.

Атыңыз ким деп сурадым
Өткөрүп бир пас убагын,
Атым бир Гүлүм жылкычы,
Иним, сен кайсы жердин ырчысы? – деген ыр саптары обон менен куюлушуп обого кетип жатты.

Гүлзат менен Ишенбек ырды ырдап бүтөөрү менен “саламатсыздарбы, ишиңиздер илгери болсун” деп кирип бардым.

- Гүлзат айым, Ишенбек менен кезектеги машыгууну өткөрүпр жаткан экенсиңер. “Ордо сахна” тобунун коштоосунда маркум обончу, ырчы Канымгүл Досмамбетованын “Кыйылып турам” аттуу ырын не бир аваздык көп түстүү мукамдуу көркөм боектор менен ырдап чыккан күндөн угучуларга аттын кашкасындай белгилүү боло баштадың. Орто мектепти бүтөөрүң менен Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияда окупсуң. Аны бүтөөрүң менен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хор-дирижерлоо бөлүмүндө окуп аны ийгиликтүү бүтүрүпсүң. Эмне үчүн “Ордо сахна” тобунун коштоосунда ырдап чыкканга чейин угармандарга белгисиз болуп келдиң?

- Мен искусство институтунун үчүнчү курсунда окуп жүргөндө Чалагыз Исабаев агай филармониянын алдына “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук тобун уюштурду. Агай комузга, ырга шыктуу таланттуу жаштарды тандап алды. Мен жолдошум Ишенбек экөөбүз топто иштеп калдык. Баш-аягы топто 15 жыл иштедик. 1998-99-жылы Бишкек шаарында уюшулган “Ордо сахна” аттуу фольклордук тобу ырдап бер деп чакырып калды. Ошондо мен залкар обончу, маркум Досмамбетованын “Кыйылып турам” аттуу ырын “Ордо сахнанын” коштоосунда ырдап, алгачкы жолу тасмага жаздырдым. Бул менин эң биринчи жолу эл алдына ырдап чыккан ырым болду. Мен ушул бүгүнкү учурдан пайдаланып жүзүмдү, үнүмдү калкка таанылткан “Ордо сахна” тобуна чың жүрөктөн чыккан ырахматымды айтам.

- Гүлзат айым, К.Досмамбетованын “Кыйылып турам” аттуу ырынан кийин кайсы обончулардын ырларын эл алдына ырдап чыктың?

- Досмамбетованын “Кыйылып турамынан” кийин Жамин Акималиевдин “Жалжалымын”, Аксуубай Атабаевдин “Чачылганын”, андан кийин Айбек Карымовдун “Дил кайрыгын” экөөбүз ырдап чыктык.


- Гүлзат айым угуучулардын айтымында, үй-бүлөңөрдүн баары эле музыкант дешет...

- Ооба. Жолдошуим Ишенбек Чалагыз агайдын шакирти. Чалагыз агайдан кийинки устаты СССРдин эл артисти Самарбүбү Токтакунова. Азыркы кезде Ишенбек Чүй университетинин алдындагы эстетика борборунун директору болуп иштеп жатат. Улуу уулум “Камбаркан” тобу уюшулганда төрөлгөн. Атын болсо Чалагыз агай Камбар деп койгон. Азыр ал М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын теория бөлүмүндө 3-курста окуп жатат. Кичүү уулубуз Эмилбек П.Шубин атындагы музыкалык мектептин виолончель классында окуйт.

Балбай Алагушев, Бишкек
XS
SM
MD
LG