БИШКЕК. Жаш кыргыз кинорежиссерлору Марат Алыкуловдун «Чек ара» жана Эмил Жумабаевдин «Кыш» кыска метраждуу фильмдери 9-13-сентябрда Алматыда өтчү «Шакендин жылдыздары-2006» эларалык кинофестивалына чакырылды. «Чек ара» тасмасы мындан сырткары Дүйшөмбү шаарында өтө турган «Дидор» эл аралык кино фестивалына, күз айларында Смоленскиде өтчү «Жаңы кино: 21-кылым» евразиялык кинофестивалына да катышмакчы.
Шайырбек Эркин уулу
Шайырбек Эркин уулу