Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатамиге америкалык виза ыйгарууга АКШнын бир топ саясатчысы каршы чыккан, бирок Мамлекеттик катчылык ага виза берүүнү чечти, анткен менен өз кызматкерлерине - Хатами менен жолугууга тыюу салды деп жазып чыкты 5-сентябрда "Файнэншл таймс". Ошондуктан 2-3-сентябрда Чикаго шаарында өткөн Түндүк Американын ислам коомунун конференциясында Хатами чыгып сүйлөөр алдында ал жыйынга келген америкалык расми өкүлдөр бөлмөдөн чыгып кетишти.
1979-жылдан бери АКШ менен Иран ортосунда дипломатиялык мамиле жок жана 27 жылдын ичинде Хатами - АКШга келген эң жогорку ирандык саясатчы. 3-сентябрда ал "Си-эн-эн" сыналгысына интервью бергенде Ливанда Израилге каршы согушкан "Хизбалла" уюмунун аракеттерин колдоп, Жакынкы Чыгышта Вашингтон жүргүзүп жаткан саясатты сынга алды. Анын айтымында, АКШнын опурталдуу аракеттери жергиликтүү калк арасында антиамерикалык маанайды көбөйтүүдө жана анын айынан экстремизм күчөп гана баратат. Иракка каршы Вашингтон жүргүзүп жаткан согуштун найтыжасында болсо террордук уюмдарга кошулуп жаткан жаштардын саны өсүүдө.
5-сентябрда "Файненшл таймс" гезитинде дагы Хатаминин интервьюсу басылып чыкты. Анда дагы мурдагы президент АКШнын Иракка каршы баштаган согушун сынга алып, эгер андай аракет Иранга каршы дагы көрүлсө, андан дүйнөлүк коомчулук Ирактагыдан алда канча орчундуу зыян тартат деп билдирди. Жакында сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Жорж Буш исламчыл диний экстремизмди "ислам фашизми" деп атаганы белгилүү. Хатами болсо өз интервьюсунда Батыш мамлекеттери дүйнөнүн башка аймактарында согуш жүргүзүп жаткан саясатын "тоталитаризм" жана "фашизм" деп атады.
Эки интервьюда тең Хатами Ирандын өзөктүк изилдөө улантууга укугу бар экенин дагы бир жолу кайталады. Анын айтымында, ал маселени Батыш Иран менен талкуулоону кааласа, алдын ала эч кандай шарт же ультиматум койбостон сүйлөшүү жүргүзүүгө тийиш. Андан тышкары, Израил менен Палестина ортосундагы чатакты чечүүдө, Хатаминин айтымында, палестиналыктардын пикири дагы эске алынууга тийиш, алар болсо акыркы парламенттик шайлоодо ХАМАС уюмуна артыкчылык берди.
АКШга келээрдин алдында Хатами Жапонияда болгон жана Токио шаарындагы Бириккен Улуттар университетинде 25-августта чыгып сүйлөгөндө, Иран эмне үчүн өзөктүк изилдөөлөрүн улантып жатканын минтип түшүндүргөн: "Иран эч кандай шартта өзөктүк куралга ээ болууну көздөбөйт. Бул жыйында айтылгандай, Жапония өзүнүн кубат муктаждыгынын 30 пайызын атом энергиясы аркылуу камсыз кылат. Бул көрсөткүч Франциядагыдан көбүрөөк. Америка Кошмо Штаттары жана башка Батыш мамлекеттери дагы атом кубатына көз каранды. Мындай жаңы технологияларды пайдалануу - туура чечим. Дүйнө ушул багытта аракеттениш керек. Иран дагы андай кубаттан пайдаланууга укуктуу", - дейт Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами.
Американын расмий өкүлдөрү Хатаминин АКШда сүйлөгөн сөздөрүнө азырынча комментарий бере элек.