Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

ПРОКУРАТУРАНЫ ЧЫРМАГАН ЧЫРДЫН ЧЫНДЫГЫ КАЯКТА?


Адистештирилген прокуратураны жоюудан чыккан нааразылыктар жана акыркы убакта өзүнө карата айтылып жүргөн сын-дооматтар боюнча башкы прокурор Камбаралы Конгантиев өзүнүн жообун берди. Анын айтуусунда реформа мыйзам чегинде, прокуратура тармагын жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн. Баш прокурорго каршы чыгып аткан бир катар кесиптештери аны жеке кызыкчылыгы үчүн эле адистештирилген прокуратураны жоюп жиберди деп айыптап келишет.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев адистештирилген прокуратураны жоюу зарылчылыгы мурда эле келип чыккандыгын белгилеп, аталган прокуратура өзүнө жүктөлгөн озуйпаларды талаптагыдай аткарбагандыгын айтып кетти. Айлана-чөйрөнү коргоо, жаза өтөөчү жайлардагы тартипти көзөмөлдөө адистештирилген прокуратуранын түздөн-түз милдети болсо дагы, аталган прокуратуранын кызматкерлери бул тармактардагы болуп жаткан баш-аламандыктарга көз жуумп келишкен. Башкы прокурор буга мисал кылып №31 жаза өтөөчү жайында болгон куралдуу кагылышууну келтирди:

-Түрмөнүн ичине эч кандай тоскоолдуксуз эле маңзаттар, жылкылар, кой-эчкилер киргизилген. Курал-жаракты айтпай эле коеюн. Эч кандай көзөмөл жүргүзүлгөн эмес.

Башкы прокурор маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин жана дагы үч кишинин өлүмүнө себепкер болгон кагылышуудан кийин түзүлгөн депутаттык комиссия адистештирилген прокуратуранын ошол убактагы жетекчиси Галина Пугачеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунуш менен кайрылгандыгын да айта кетти.

Бирок, кызматынан төмөндөтүлгөн кызматкерлердин бири Ленин райондук прокуратурасынын мурдагы прокурору Абай Аппаков №31-колонияда болгон чатак башкы прокурорго жөн гана шылтоо болду деп эсептейт.

Камбаралы Конгантиев адистештирилген прокуратураны жоюу менен анын кызматкерлери ишсиз калган жок деп билдирди:

-Мен эч кимисин ишсиз калтырган жокмун. Ар бирине мурдагы кызматына теңдеш кызмат сунуш кылганмын. Бирок алар оору баракчасын ачып алып, ишке чыкпай атышат. Эгер оору баракчасынын мөөнөтү бүткөндө да иштебесе, анда мен мыйзам боюнча аларды кызматынан бошотууга аргасыз болом.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин дарегине айтылган сын-пикирлердин ичинде анын буга чейин эки жолу кызматынан түшкөндүгү тууралуу жана азыр да мыйзамга сыйбаган иштерди жасап жатат деген айыптоолор да бар. Баш прокурор алардын баарына жооп кайтарууга даяр:

-Ачык айтышсын. Менин кандай мыйзамга сыйбаган иштерди жасаганымды бүт ачык айтышсын. Мен элдин, президенттин жана парламенттин алдында жооп берүүгө даярмын,- деди К. Конгантиев.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG