Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

ПАРЛАМЕНТ ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮН МЫЙЗАМДЫК БАЗАСЫН БЕКЕМДЕГЕН ЖАТАТ


Жогорку Кеңеш бүгүн «Терроризмге каршы күрөш жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорун талкуулоого киришти. Буга чейин терроризмге каршы күрөш 1999-жылы кабыл алынган мыйзамдын чегинде жүрүп келген. Демилгечилер азыркы жагдайда бул мыйзамдын алкагында иш жүргүзүү кыйындап кеткендигин белгилешүүдө.

Мыйзам долбоорун Коопсуздук кызматынын төрагасы Бусурманкул Табалдиев менен Жогорку Кеңештин коопсуздук, коргонуу, укук тартиби жана маалымат саясаты комитетинин төрагасы Рашид Тагаев иштеп чыгышкан. Бусурманкул Табалдиевдин айтымында, долбоор өлкөдө терроризмге каршы күрөштүн мыйзамдык негиздеринин кубатын арттыруу максатын көздөйт.

Мурдагы мыйзамда терроризмге каршы аракеттерди бирдиктүү координациялоо өңүтү каралган эмес. Бул өз кезегинде акыркы жылдардагы терроризмге каршы операцияларда одоно мыйзам бузууларга жол берген. Ошондуктан, жаңы долбоордо операцияларды координациялоо милдети коопсуздук кызматына жүктөлдү. Дагы бир олуттуу өзгөчөлүк - антитеррордук борбор түзүү жөнүндө жобо киргизилген. Ага ылайык борбор коопсуздук кызматынын базасында түзүлүп, атайын багытта иштеп жаткан 102 кызматкерге кошумча дагы жүз кызматкер керек болот. Табалдиевдин айтымында, болжолдуу эсеп боюнча бул өңүттө мыйзамга 198 миллион сом каражат талап кылынат. Бирок, Каржы министрлиги бул каражатка макулдук бере элек:

- Спецназ болгондон кийин, ал абдан кымбат орган, отряд. Себеби, аларга кеткен чыгым чоң. Алардын куралы, аларды жабдыктоо, бронежилет, каска, гранатомет, транспорт маселелери, вертолет дегендер керек. Ошолорго каржы керек болуп атат.

Антитеррордук борбор түзүү демилгесин депутаттар дээрлик колдошту. Бирок, айрымдары антитеррордук борбордун Табалдиев белгилегендей, Бишкекте эмес, түштүк аймакта болушун жакташты. Алардын бири, депутат Сооронбай Жээнбеков өз сунушун диний экстремизмдин, терроризмдин түштүк аймакта күч алып жатканы менен негиздеди. Анын пикиринде, террорчулар менен экстремисттер Кыргызстанда гана ээн-эркин жүрүүгө болорун билип, кынык алып алышкан:

- Мисалы, башка мамлекеттерде куралды машинага салып алып жүрүп көр. Жүрө албайт! Бир гана Кыргызстанда каалагандай жүрүп атышат.

Депутаттар арасында Баткен, Ош, Жалалабад облустарынын ар биринде атайын даярдыктагы отряддар, техника, штаб болушу керек дегендер да болду. Расмий маалымат боюнча учурда Ошто «Альфа» тобунун 18 гана мүчөсү иштейт.

Депутат Каныбек Иманалиев операцияны башкаруучу тараптын жоопкерчилигин так аныктоо сунушун берип, муну долбоорго киргизиле турган олуттуу маселе катары атады.

Мыйзам долбоорунда адам укуктарына доо кетчү өңүттө чечмелене турган жоболор да бар деп эсептегендердин бири депутат Болот Марипов болду:

- Бул жерде террордук аракеттерге катышы бар же аларды колдогондугу негизделген адамдардын каражаттары кармалат же жабылат деген бар экен. Кыйла чаржайыт жазылыптыр. Андан ары каражатты токтотууга сот чечиминен тышкары, прокурордун кылмыш ишин козгоо тууралуу токтому негиз болот деп турат. Мен буга каршы эмесмин. Бирок, бул караниет адамдардын оюнчугу болбошу үчүн негизсиз иш козгогондордун да жоопкерчилигин кароо керек.

Ушундай өңүттөрдү эскерткен депутаттардын бир тобу терроризмге каршы күрөштө адам укуктарын долбоордогу негизги принциптердин катарында кароону сунушташты.

Талкуу учурунда мыйзамга караманча каршы болгондор чыккан жок. Көпчүлүгү бул долбоордун учур талап кылып жаткан актуалдуу мыйзам катары белгилешти. Маселен, депутат Алишер Сабиров мындай мыйзамдын актуалдуулугун минтип чечмеледи:

- Себеби, террорчулар Кыргызстандын түштүгүндө активдүү болуп атышат. Мына антитеррордук үч операция жүрдү. Менимче, бул операциялардын акыркысы эмес.

Парламент беренелер боюнча талкуулап, акыркы чечим чыгарганга чейин депутаттардын сын пикирлерин демилгечилер кайра карап чыкмай болушту. Долбоорго депутаттар бейшемби күнү кайрылышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG