Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

БУШ: АМЕРИКА АЛИ КООПСУЗ ЭМЕС


Президент Жорж Буш шейшемби күнү Вашингтондо аскери офицерлер бирикмесинде сөз сүйлөп, америкалыктарды террорчулардын кыянатчылыгынан али коопсуз боло электигин эскертти. Усама бин Ладендин кептеринен үзүндү келтирип, Буш аны Ленин менен Гитлерге салыштырды.

Президент Буш алды менен террорго каршы күрөштөгү олуттуу ийгиликтерди белгиледи. Ошол эле учурда душман баштагыдай эле коркунучтуу бойдон калганын да эскертти. АКШ азыр согуш абалындагы өлкө экенин эске салып, союздаштар менен бирге XXI кылымдагы идеологиялык улуу басташта жеңишке жетерине ишендирди.

Ирактагы абалга кайрылып, Буш бул өлкөнү уруштун башкы майданы деп мүнөздөдү. Күрөштүн тагдыры, анын айтымында, дал ушул жерде чечилет. Буш келтирген маалыматтарга ылайык, “Ал-Каида” дүйнөдө көп сандаган уюмдарды түзгөнгө, Жакынкы Чыгышты терроризм империясына айлантканга умтулуп жатат. Бирок эркин дүйнө халифат тууралуу кыялдарын жүзөгө ашырганга террорчуларга жол койбойт, деп билдирди Буш.

Буштун айтымында, Усама бин Ладен менен анын террорист-союздаштары өз максаттарын кезинде Ленин менен Гитлердей эле ачык-айкын айтып жатышат. Карамүртөз жана амбициясы ашынган мындай адамдардын сөздөрүн капарга албаган камырабастыкты Буш ашкере чоң каталык деп атады. Анын үстүнө “Ал-Каиданын” жетекчилери маалымат кампаниясын жайылтып, америкалыктар менен алардын өкмөтүн араздаштырууну көздөп олтурат.

Терроризмге каршы күрөшүү боюнча жакында жаңыртылган улуттук стратегия программасын эске салып, Буш террорчулардын пландарын озунуп ойрон кылуу, аларга массалык апаат куралдарына ээ болгонго жол койбоо зарылдыгын белгиледи. Ушул аңытта Ирандын проблемасына токтолуп, америкалык президент дүйнөдөгү эркин өлкөлөр Тегеранга ядролук курал түзгөнгө мүмкүндүк бербей турганына, бул кризис дипломатиялык ыкмалар менен чечилерине ишенич билдирди.

Буштун бул сөзүн да байкоочулар өлкөнүн ички экономикалык жагдайы,быйыл ноябрда боло турган өткөөл шайлоо өнөктүгү менен байланыштырып кабыл алышты. CNN телеканалынын тапшырыгы боюнча өткөрүлгөн жакындагы сурамжылоодо америкалыктардын 61 проценти Ирактагы согушка каршы экени айкындалды. Суралгандардын 57 проценти Бушту колдобой турганын, 58 проценти ага лидер катары ишенбей баратканын айтышкан. Демократиялык партияны жактагандардын саны 53 процентке жеткен,калктын көпчүлүгү улуттук экономиканын абалына айрыкча камтама болуп жатканы аныкталган.

Ушундай маанайга таянып,саясий аналитиктер быйыл кеч күздөгү шайлоодо республикачыл партия конгресстин төмөнкү, а тургай жогорку палатасында да азчылыкты түзүп калышы ажеп эмес деп болжолдой башташты. Ноябрда өкүлдөр палатасы толугу менен, ал эми сенаттын чейрек курамы кайра шайланат.

XS
SM
MD
LG