Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

ТАЛАС : ЛИЦЕЙ ЖАБЫК, САБАК ЖОК, АТА-ЭНЕЛЕРДИН АЧУУСУ ЧЕГИНЕ ЖЕТТИ


Улан Эсенгелди уулу, Талас Талас шаарындагы облустук лицей комплексинин окуучулары 1-сентябрдан бери мектебине кире алышпай сыртта жүрүшөт. Балдардын ата-энелери жана мугалимдер облустук акимчиликтин алдына келип окуунун үзгүлтүккө учурагандыгына нааразылык билдиришти.

Таластагы чет тилдер багытындагы лицей 1997-жылы мамлекет тарабынан ачылып, тогуз жылдан бери “Таалай” деп аталган менчик ассоциациянын имаратында арендалык келишимде балдарды окутуп келет. 1-сентябрь күнү имараттын ээси Бакай Бекешов лицейдин эшиктерин бекитип, чаптап кеткендиктен, балдар кире албай, эшиктин алдында майрамдык чогулуштарын өткөрүп үйлөрүнө кайтышкан. Лицейдин тагдыры жөнүндө ушул күнгө чейин ар кандай сөздөр айтылып келе жатат. Ошондой сөздөрдүн бири–лицей түп орду менен жоюлат деп уккан мугалимдер жана ата-энелер балдары менен облустук акимчиликтин алдына келип арыздарын айтышты:

- 1-сентябрдан мектеп ачылбай калат деген тарыхта жок нерсе болчу. Азыр губернатор бизге чыгып, маселени чечип берсин. Мен мисалы башка мектепке баламды алып бара албайм, - деди Садырбүбү Бейшебаева.

Облустук акимчиликтен губернатордун экинчи орунбасары Койсун Курмангазиева жана Талас аймактык билим берүү башкармалыгынын башчысы Жеңиш Чыңаев элге чыгып маселени чечкенге аракет болуп атканын айтышты.

- Бир күн болсо да балдар чыдап турсун. Балдарды, мугалимдерди жайгаштыралы деген сөз болду, болбой койгон жок. Бакиевге барсаңар баргыла, бирок биз аракет кылып атабыз, - деди губернатордун экинчи орунбасары Койсун Курмангазиева.

Лицейде жалпысынан 270 бала окуп, 30 мугалим сабак берип эмгектенип, облустук, республикалык олимпиадаларга катышып, биринчи, экинчи орундарды алышып, бир топ ийгиликтерге жетишип келген.


Ал турган имараттын ээси быйылкы окуу жылынын алдында мамлекеттен акысына 2,5 миллион сом сурап, аны бермейинче лицейдин окуучуларын киргизбей жатат. Облустук бийлик имарат издеп тапканга 2-3 күн убакыт сурап, арызданып келген атуулдарды таратты.
XS
SM
MD
LG