Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:29

«ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ» ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Бүгүн кыргыз парламенти терроризмге каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык терроризмге каршы күрөштү координациялоону Улуттук коопсуздук кызматы өз колуна алмакчы. Мыйзамдагы дагы бир өзгөчөлүк – терроризмге каршы борбор уюштурулат.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Бусурманкул Таабалдиевдин айтымында, 1999-жылы кабыл алынган терроризмге каршы күрөш жүргүзүү боюнча мыйзам азыркы учурга көп жагынан ылайык келбей калды. Жаңы мыйзамда ошол кемчиликтердин баары эске алынган:

- Мурдагы мыйзамда көп нерселер камтылбай калган. Ошол кемчиликтердин баарын эске алып, азыркы кырдаал талап кылган маселелерди чечкенге көмөк көрсөтчү мыйзам долбоорун даярдадык. Негизги сунуштардын бири терроризмге каршы борбор уюштуруу. Мындай борборлор көпчүлүк мамлекеттерде бар.

Буга чейин кенири талкуулангандыктан мыйзам долбоору бүгүн дароо эле добушка койулуп, 49 добуш менен кабыл алынды.

Мыйзамда Улуттук коопсуздук кызматына өзгөчө укук берилишине айрым укук коргоочулар кабатыр. Маселен, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова бул маселеде кооптуу эки жагдай бар дейт:

- УКК президентке гана баш ийген орган. Бул мыйзамдын УККнын жоопкерчилигинде болуп калышы өтө кооптуу. Анткени УКК жабык иш жүргүзгөндүктөн кандай иштер болуп жатканы коомчулукка белгисиз болуп калат. УКК төрагасы Б. Таабалдиевдин сөзүнө таянсак, мыйзам тышкы терроризмге каршы эмес, ички радикалдуу күчтөргө да каршы экен. Ички радикалдуу саясий күчтөр деген кимдер? Алардын арасына азыр болбосо да кийинчерээк бийликке сын айткан саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер кирип калышы мүмкүн.

Ошол эле учурда коомчулукта улуттук коопсуздук кызматына мындай укук берилишин колдогондор да жок эмес. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бул эң туура кадам:

- Терроризмге каршы күрөшүү УККга жүктөлгөнү туура. Эми айрым укук коргоочулар кооптонуп жаткандай маселенин экинчи жагы да бар. Бирок андай көзөмөлдү парламент жасашы керек. Парламент азыр коопсуздук чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча функциясын жасай албай жатат.

Парламентте мыйзам талкуулоо учурунда ага караманча каршы чыккан депутаттар болгон жок. Тескерисинче, көпчүлүк депутаттар бул учур талап кылган актуалдуу мыйзам долбоору экенин белгилешти.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG