Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

8-СЕНТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылы 8-сентябрда миң чамалуу түтүн кыргыздар тоо арасындагы Келин тайгакка келип конгон. 1936-жылдын бу күнү А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театралдык институтуна караштуу Кыргыз студиясы ачылды.

1916-жылкы көтөрүлүш айынан эл-жерин таштай качкан Атаке болуштугунун калкы үркүн азап-тозогун чындап көрө баштаганы байкалат. 8-сентябрда миң чамалуу түтүн кыргыздар Келин тайгакка келип конуп, күн ала бүркөлүп, тоолуу аймакта суук күчүнө кире баштаган. Ачыган карынды тойгузуп, кайыккан жанга кубат берип тамак бышырып, от жагыш үчүн адамдар кийиктин кумалагын терип жагышкан.

1936-жылдын бу күнү А.В.Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театралдык институтуна караштуу Кыргыз студиясы ачылды. Кыргыз студиясында искусствого шыктуу кыргыз улан-кыздары окушуп, алар кийин баралына келгенде кыргыз маданиятын түптөөгө салым кошушкан.

1942-жылы Кыргыз театралдык музейи ачылган. Музейди коомдук башталышта искусствого эмгек сиңирген ишмер, композитор В. Власов жетектеген. Согуш маалындагы каатчылык айынан музей Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын фойесинде орун алып, согуш бүткөндөн кийин, изги саамалык унутулуп, анда коюлган буюмдар дайынсыз жоголуп кеткен.

1937-жылдын сентябрь айындагы В. Ходаковдун «Правда» гезитинде жарыяланган «Буржуазные нацианалисты» макаласынан кийин, 8-сентябрда Кыргызстан Эл комиссарлар Советинин төрагасы Исакеев жана жер иштетүү наркому Эсенамановдор Кыргызстан КП (б) БКдан чыгарылган. Ошол убактагы саясий кырдаалга жараша мындай айып менен кызматтан бошотулгандар дароо камакка алынып, «тап душмандары» катары сурак алааматынан өтүшкөн.

2003-жылдын бу күнү «Манас эл», «Жаңы кыймыл», «Жаңы заман» жана «Кыргызстан кооператорлору» баш кошуп, «Алга, Кыргызстан!» аталыштагы жаңы саясий партия уюшулду.

2004-жылдын бу күнү Бишкектеги Кыргыз-славян университетине Россия Федерациясынын биринчи президенти Борис Ельциндин ысмы ыйгарылды.

Бу күнү, 214-жылы Рим императору Аврелиан, 1157-жылы англис королу Арстан Жүрөк Ричард, 1830-жылы француз акыны, Нобеь сыйлыгынын лауреаты Фредерик Мистраль, 1843-жылы орус этнографы Дмитрий Анучин, 1923-жылы советтик акын Расул Гамзатов жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG