Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

FREEDOM HOUSE РЕПРЕССИВДҮҮ СЕГИЗ РЕЖИМДИ АНЫКТАДЫ


АКШда жайгашкан Freedom House уюму кезектеги докладын жарыялап, дүйнөдөгү эң репрессивдүү сегиз режимди атады. Алардын арасында Борборазиядан эки өлкө - Түркмөнстан менен Өзбекстан бар. Региондон бир гана өлкө - Кыргызстан жарым-жартылай эркин деген баа алган.

Докладда дүйнөдөгү эң репрессивдүү режимдер деп сегиз өлкө - Бирма, Куба,Ливия, Түндүк Корея,Судан,Сирия,Түркмөнстан жана Өзбекстан аталган. Freedom House аларды эркиндиктин абалы жагынан “жамандардын жаманы” деп эсептейт.

Уюмдун Европа боюнча бөлүм башчысы Кристи Эвенсон Борборазияда Кыргызстанды эске албаганда жарандык жана саясий эркиндиктер жалпысынан чектелип баратканын белгиледи. Кыргызстанда саясий чөйрөдө айрым бир жылыштар байкалды, дейт ал. Бирок региондо саясий жана жарандык эркиндиктер чөйрөсү улам тарып баратат, айрыкча Өзбекстан менен Түркмөнстандагы абал жакынкы аралыкта жакшырарына үмүт аз.

Экс-совет республикаларынан Украина быйыл эркин,ал эми Грузия менен Армениядагы абал жарым-жартылай “эркин” катары бааланган. Азербайжан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына киргизилген, буга негизинен 2005-жылдагы парламенттик шайлоо себепчи болгондой. Белоруссия да ушундай баа алган, Лукашенконун режими 1996-жылдан бери Freedom Houseтун жакшы пикирине илине элек. Россияны Freedom House “эркин эместер” тизмесинде атаган.

Freedom House бу жолу Ооганстанды “жарым-жартылай эркин” деп атаган. Докладда Чеченстан менен Тибет тыйылбаган репрессиялар шартында калган аймак катары белгиленет. Иликтөөгө алынган 192 өлкөнүн 46 проценти “эркин”, 30 проценти “чала-чарпыт эркин” деп бааланат.

Жалпысынан Freedom House соңку он жылдын аралыгында дүйнөдө эркиндиктин чөйрөсү кеңейип баратат деп эсептейт.

Freedom House өз докладында камтылган маалыматтар менен тыянактарды улуттук өкмөттөр,ошондой эле Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жаңы түзүлгөн кеңеши эске аларына үмүттөнөт.

XS
SM
MD
LG