Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

ТЕКЕБАЕВДИН ПОЛЬШАДА БАНГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛЫШЫ, ТӨШӨК ЖАҢЫРТКАН ТӨРТҮНЧҮ ПРЕМЬЕР


8-сентябрда жарык көргөн маалымат каражаттары Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин баңгизат менен Польшадан кармалганын башкы жаңылык катары маалымдашты.

“Агым”

“Арсыз бийлик жүгүнө баңгизат катып, Текебаев Польшадан камакка алынды ” деген баш сөз менен чыкты. Ушул гезиттин маалыматына караганда, “Өмүрбек мырзанын адамдык бийик сапатын, Бакиевдер менен ачык кармашканын, бийлик кантип өч алыштын амалын издеп жүргөнүн эсек алсак, бул атайын уюшулган ыпылас провокация экенинен шек санабайбыз” дешет “агымчылар”.

“Ау-у оппозиция кайдасың?!” деген фотоколлаж берүү менен, оппозиция өкүлдөрүнүн ой- пикирлерине орун берди.

“Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүн акча, бийлик, байлык менен оңой- олтоң алам деп эрте майрамдагандар өтө жаңылышаарын, оппозициядагылар мамлекеттин, элдин эртеңки келечек тагдыры үчүн бириккенин, “Оппозиция сатылды” деген бирөөлөрдүн оорукчан фантазиясы экенин Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов айтып, көздөгөн максатынан, талабынан кайтпай, 17-сентябрда Аксыдагы курултайга катышаарын билдирген.

Ошондой эле парламенттин депутаттары Дооронбек Садырбаев менен Кабай Карабековдун бийликти сындаган пикирлери да жарык көрдү.

“Асаба” партиясынын тең төрагасы, Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров учурдагы бийликти ачык сындап, ал өзү бийликке умтулбаганын, президенттикке да барбастыгын айтып, негизги максаты- өлкөнү коррупционерлерден тазалоо, адилет заман куруу экенин билдирип, гезиттеги маеги “ Данияр Үсөнов казактардын өкүлүндөй” деген сөзүн тема кылуу менен жарыяланды.


“ Кыргыз туусу”

Президент Курманбек Бакиевдин Туркияга расмий иш сапары өтө ийгиликтүү өткөнүн, кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууга алынганын маалымдады.

Жогорку кеңештин депутаты, экc-спикер Өмүрбек Текебаев тууралуу окуяны сенсация катары берип, “Героин кимдики? Азырынча жооп жок” деп тема коюп, депутаттын жугүнөн баңгизат катылган куурчак чыгып, ал уксустун күчтүү жытын чыгарган пластик лента менен оролгонун кабарлашты.

Парламентте шашылыш кеңешме болгонун, депутат Темир Сариев бул провокация экенин билдирген.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Накен Касиев биздин менталитетке азырынча президенттик башкаруу керектигин, учурдагы бийлик келечекте үзүрүн берүүчү иштерди аткарып жатканын айтып, өлкөдө трайбализм күчөп, коррупция азайбай, кадр тандоодо кемчиликтер көп кетип жатканын билдирген.

“Кыргыз руху”

Өлкөдө өткөн жумада “Борбор Азиянын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы” аттуу конференция болгонун кабарлап, анда бир кызык сунуш киргизилгенин жазышат. “Кыргызстанда башка мусулман мамлекеттери сыяктуу араб тилин мектепте окутуу керек экен. Өз тилин дурустап окуталбай жатканда, бул сунуш өтө ашыкча көрүнөт”,-деп жазат “Кыргыз руху” гезити.

Ушул гезит Бишкекте антитеррордук коалициянын “Ганси” авиабазасынын өкүлү, американын жараны, майор Жил Недгер айым борбордук “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнө кирген боюнча дайынсыз жоголгонун маалымдайт.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев эч бир саясий себеп жоктугун айтып, жеке өзүнө байланыштуу болушу мүмкүн дейт.

“Эркинтоо”

Президент Курманбек Бакиевдин Түркияга болгон иш сапары жемиштүү болгону тууралуу маалымдашты.

“Эркин тоо” гезитинин кабарчысы Сымбат Максүтова сөөк коюу-байлыгын, мартабасын көрсөтүүгө айланып, ашыкча мал союулуп, арак ичилип, көнүл айтуу күч алып баратканын сынга алат.

Ошондой эле Бишкекте өтүп жаткан эпостордун дүйнөлүк фестивалына репортаж берип, жыйырма беш өлкөдөн өкүлдөр келгенин маалымдайт.


“ МСН”

Эгемендүүлүктүн он беш жылдыгында өлкөдө жогорку окуу жайлар көп ачылганы менен быйыл анын он тогузу аттестациядан өтпөй калып, миңдеген студенттер кайда окууру аныкталбай, баш аламандык өкүм сүргөнүн талдоого алган.
XS
SM
MD
LG