Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

19:00 Мелис Эшимканов : Текебаев атайын кызматтын алдын ала жиберген көрсөтмөсү боюнча кармалган


Парламент депутаты Мелис Эшимканов «Азаттыкка» билдирген маалыматка караганда, Польшанын бийликтери Өмүрбек Текебаевди сот процессинен өткөрүп туруп кое беришкен. Сот Текебаевди оппозициялык лидер катары саясий интригалардын курмандыгы болгон деп чечкен. Экинчиден, баңгизаттардан анын колунун изи табылган эмес. Үчүнчүдөн, көрсө Кыргызстандын коопсуздук кызматы үч күн мурда Интерполго кабар жиберип, Бишкек-Стамбул-Варшава каттамы боюнча тыюу салынган «Хизбут-тахрир» партиясынын үч адамы учуп барарын эскерткен экен. Алар жанына баңгизат же жардыргыч зат алып жүрүшү мүмкүн деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG