БИШКЕК. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетиини өкүлү Кубаныч Маматкеримов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн Аксы районунун Акжол айылында “Жаңыжол”, “Акжол”, “Каражыгач”, “Карасуу” айыл өкмөттөрүнүн 2 миңден ашык тургундары митинг өткөрүштү. Анда Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаров сыяктуу оппозиция өкүлдөрүнө бийлик тараптан сасык саясий оюндар жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды. Митингдин катышуучулары президентке, премьер- министрге, баш прокурорго жана кыргыз элине кайрылуу жолдошту. Анда Текебаевдин кармалышына тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу, оппозиция өкүлдөрүнө карата провокациялык аракеттерди токтотуу жана 17-сентябрда Аксыда өтө турган элдик курултайга бийлик тараптан бут тосуулар болбосун деген талаптар коюлду. Эгер бул талаптар ушул жылдын 16-сентябрь айына чейин аткарылбаса, президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетүүсүн талап кылашаарын белгилешүүдө.
Мээрим Султангазы
Мээрим Султангазы