БИШКЕК. Бул тууралуу “Манас” аскер базасынын коомдук байланыштар боюнча өкүлү Майя Мельниковская “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, Жил Мецгер 9-сентябрда Кыргызстандын аймагынан башка аскер базасына жиберилген. Мындай чечим аскер айымга жакшы медициналык жардам көрсөтүү менен байланыштуу, дейт Майя Мельниковская. “Манас” аскер базасынан билдиришкендей, учурда аскер айымдын саламаттыгы жакшы.