Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЯТ АФИШАСЫ


"АРАЛАШ" ТОБУ ЖЫЙЫРМАДА

Бул жумада “Аралаш” тамаша тобу жыйырма жылдык мааракесин белгилейт. Аталган топ 1986-жылы куудулдар Рахман Разыков, Жамбыл Камчиев, маркум Манас Бедибековдордун демилгеси менен уюшулган. Андан кийин топко Абдылда Иманкулов менен Дөөлөт Мадымаев кошулган. Мына ушул түзүлгөндөн берки жыйырма жыл ичинде ийгиликтерди да жараттык, жетишпеген кемчиликтерибиз да бар. Бирде макталып, бирде жамандалып элдин сынынан өттүк. Эми болсо минтип жыйырма жылдык мааракебизди белгилегени турабыз деди куудул Дөөлөт Мадымаев.

-Бүгүнкү күндө жыйырма жылдык мааракени өткөрүүнүн алдында турабыз. Мына ушул жылдар ичинде көптөгөн окуяларга туш болуп, турмуштун ысык-суугун баштан өткөрүп, элибизге кызматыбызды көрсөтүп келе жатабыз, алдыда өтүүчү мааракелик концертте да болгон өнөрүбүздү тартуулайбыз.

Ал эми Абдылда Иманкулов концертте тартууланчу тамашалардын баардыгы жаңы тамашалар экендигин белгиледи.

-Жалаң жаңы тамашаларды ойнойбуз деп турабыз. Алардын ичинде бир жарым жылдан бери өлкөбүздө болуп жаткан саясий окуяларды сатиралык тил менен айтканга аракет кылып жатабыз.

Бул мааракелик концертти белгилүү өнөрпоздор коштойт. Беш күнгө созулчу бул программасын куудулдар Кыргызстандын дубандарынын тургундарына да тартуулоону ниет кылышууда.

ТАМАША САНДЫГЫ

“Аралаш” тамаша тобунун жыйырма жылдык мааракеси менен катар бул жумада “Тунгуч” тамаша театрынын артистери Болот Тентимишов менен Сайра Эсенбаева “Тамаша сандыгы” аттуу концерттик программасын тартуулашат. Сайра Эсенбаеванын айтымында бул кечени “Дем” театр студиясы жана “Рахат” бий театры коштойт.

11-12-сентябрда жаш эстрада ырчысы Мирбек Атабеков “Сени гана” аттуу тушоо кесүү концертин тартуулайт. Кечеде ырчынын чыгармачылык жолун чагылдырган видеотасма көрсөтүлөт. Ушул эле концерт 14-сентябрдан 16-сентябрга чейин Жалал-Абад дубанында уланат.

Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде жаш сүрөтчү Адилет Давлетовдун жеке сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Анда сүрөтчүнүн көркөм сүрөт жана графика жанрындагы эмгектери коюлган.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG