Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

КУРМАНБЕК БАКИЕВ : ТЕРРОРИЗМ ТООРУП ТУРАТ, КЫРГЫЗСТАНДА АМЕРИКАЛЫК АСКЕР БАЗАСЫ КЕРЕК


Мындан беш жыл мурун 11-сентябрда АКШда болгон ири террордук акцияга байланыштуу эскерүү бүгүн “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык аскер аба базасында өттү. Ага президент Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик жетекчилер, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович жана коалициянын аскерлери катышты. Кыргыз президенти Борбордук Азия аймагында терроризм коркунучу тыйыла электигин, ошондуктан дайыма кыраакы болуу жана чечкиндүү аракеттерге даяр туруу керектигин баса белгиледи.

Кошмо штаттар баштаган антитеррордук коалициянын аскердик базасы Кыргызстанда “Манас” аба майданында мындан беш жыл мурда 11-сентябрда АКШда болгон теракттан кийин жайгаштырылганы белгилүү. Ошондуктан беш жыл илгери каргашалуу окуяда каза тапкандарды эскерүү ушул жерде өттү. Алааматта каза тапкандардын арбактарына багышталып куран окулду жана сыйынуулар болду.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович терроризмден жалгыз гана Америка өлкөсү эмес, жалпы дүйнө жабыркап жаткандыгын белгиледи:

-Биз бүгүн бул авиабазада кокусунан жыйналган жокпуз. Биз 11-сентябрдын курмандыктары менен бирге эле жалпы дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы терроризмден курман болгон бардык курмандыктарды эскерүү жана аларга таазим кылуу үчүн чогулуп отурабыз. Тилекке каршы терроризм дагы деле бардыгыбызга коркунуч туудуруп жатат. Ошентсе да акыркы беш жылда терроризмге каршы күрөштө биз бир топ ийгиликтерге жетиштик. Эл аралык коомчулук бирдиктүү түрдө жалпы каргашага каршы туруп, адам баласын азаптардан жеңилдетүүгө аракет кылууда.

Кыргызстанга антитеррордук күчтөрдүн аба базасын жайгаштыруу Ооганстандагы терроризмдин тамырын кыркуу максатында болгон. Байкоочулардын баамында, кыргыз жергесинде аскердик аба базанын орун-очок алышы Кыргызстанга 1999-2000-жылдары кол салган эл аралык террордук уюмдардын тизгинин кагууга да жардам берди.

Бүгүнкү эскерүү иш чарасында сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев да эл аралык терроризм менен күрөшүүгө Кыргызстан өз салымын кошуп жаткандыгын баса белгилеп кетти:

-Кыргызстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен чогуу аймакта тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо максатында бардык аракеттерди жасап жатат. Акыркы айларда түштүктө болгон окуялар бизге дагы бир жолу ар дайым кыраакы болууну жана чечкиндүү аракеттерге даяр турууну эскертти. Антитеррордук күчтөрдүн аскердик аба базасы Кыргызстанда жайгашкандан бери Ооганстанда кырдаал жакшы жагына кескин өзгөрдү.

Беш жыл мурда АКШда болгон террордук окуяда токсондон ашуун өлкөнүн түрдүү дин ишениминдеги үч миңден ашуун жарандарынын өмүрүн кыйылган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG