Мындан беш жыл мурдагы террордук балааматта баары болуп үч миңдей бейжазык адамдын өмүрү кыйылган эле. Быйыл да америкалыктар алардын арбайын эскеришет, шейит кеткендердин тизмеси окулат, желектер түшүрүлөт,азалуу жыйындар өткөрүлөт. Президент Жорж Буш Нью-Йоркто өрт өчүрүүчүлөр жана полисмендер менен жолугушат. Балааматта шейит болгондорго арналып тургузулган эстелик алдында жекшемби күнү сөз сүйлөп, 11-сентябрдын сабактарын эч качан унутпай турганын, Америкага дагы ушундай касирет салгысы келген душмандар бар экенин белгиледи. Бүгүн кечки сөзүндө да ал террорчуларга каршы согушту улантканга америкалыктар алдында убадасын кайталайт дешет.
Улуттук касирет күнү аталган бул датага байланыштуу америкалык жогорку даражалуу ырасмий өкүлдөр маалымат жыйындарында, коомдук талкуу-талаштарда антитеррордук согуштагы ийгиликтерди баса белгилегенге умтулушту. Вице-президент Дик Чейни азыркы өкмөт калкты террорчулардын коркунучунан коопсуз кылууда кыйла жакшы иштерди жасаганын айтып, администрациянын бул багыттагы программаларын эске салды.
Оппозициядагы демократиялык партиянын лидерлери болсо азыркы бийликти Иракта куну кымбатка турган согуш баштаганы, ушу күнгө чейин “Ал-Каиданын” башчысы Усама бин Ладенди кармай албаганы үчүн сынга алышты. Сенатор-демократ Гарри Рейд өлкөнүн тышкы саясатына Дик Чейни өзгөчө начар таасир тийгизгенин, анын айынан Америка кыйла кооптуу болуп калганын белгиледи. “Ал-Каиданын” экинчи жетекчиси Айман ал-Завахири телетасмага жаздырган кайрылуусун таркатып, америкалыктарга кезектеги касирет даярдап жатышканын билдирди. Ал ошондой эле дүйнө мусулмандарын АКШга каршылык көрсөтүүгө чакырды.
11-сентябрдын беш жылдыгын дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да белгилешти. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард Вашингтондун саясатын колдоп, дүйнөнүн бардык жарандары терроризмге каршы күрөшкө катышып жатканын айтса, Европа комиссиясынын төрагасы Жозу Мануэл Баррозу Хельсинкиде өтүп жаткан азиялык жана европалык лидерлер саммитинде коопсуздук, саясий чөйрөдө динди кесирлүү күч катары колдонууго жол койбос үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, Евросоюз террорго каршы күрөшкө чечкиндүү экенин ырастады.
АКШда жеке сапар менен жүргөн Мохаммад Хатами – Ирандын мурдагы президенти - жапайы жана жанкечтилик бул ишти учурунда биринчилерден болуп айыптаганын эске салып, мусулман катары,иран элинин өкүлү катары 11-сентябрдагы террордук балааматта курман болгондордун жакын жамаатына, жалпы америкалыктарга көңүл айтты.