11-сентябрдагы балааматтардан көп өтпөй Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда америкалык аскерлер жайгаштырылган, Ооганстандагы антитеррордук операцияларга Казакстан менен Түркмөнстан аба мейкиндигин ачып берген. Бирок соңку жылдары Вашингтон менен региондогу режимдердин мамилеси чиелене баштады. Адегенде Өзбекстан америкалыктарды өз аймагынан чыгарды,Кыргызстан болсо аренда акысын көбөйтүү талабын койду. Бирок муну алматылык эксперт Сабит Жусупов жергиликтүү лидерлердин жеке позициялары менен эмес, региондогу геосаясий абалдын өзгөрүшү менен байланыштырат.
“Менин көз карашымда,11-сентябрдагы окуялардан кийин Борборазиянын ролу олуттуу өстү, геосаясий өнүгүүнүн жаңы багыты таасын айкындалды”, - дейт ал.
Лондондо жайгашкан Евразия тобунун эксперти Таня Костелло бул иште Анжиандагы окуялар чечүүчү мааниге ээ болду деген ойдо. “Ошондон кийин АКШ,Европа менен региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерде проблемалар күч алды. Өзбекстан Россия менен Кытайга ыктап, терроризмге каршы күрөштө алардын колдоосуна таяна баштады”. Кыргызстан болсо,Костеллонун баамында, Кытай менен Россиянын кысымына кабылды.
Алматылык экинчи бир эксперт Досум Сатпаев ушул тапта АКШ менен Казакстандын мамилеси гана бир калыпта өнүгүп жатканын белгилейт. Эки тараптын алакасында олуттуу бир оош-кыйыштар болгон жок. Казакстандан АКШ региондогу башка өлкөлөр, өзгөчө Өзбекстан өңдөнүп күтүүсүз кадамдарды күтпөйт. Ошол эле учурда Сатпаев америкалыктар ооган согушунан кийин региондогу өлкөлөргө стабилдүүлүктү бекемдөө жагынан жардам көрсөтө албаганын да кошумчалады.Маңзаттарынын аткезчилиги мурдагыдай эле абалда калды,Ооганстандагы туруксуз кырдаал ага жакын турган өлкөлөргө таасирин тийгизүүдө,иши кылып, Вашингтондун региондогу саясаты натыйжасыз боло баштады.
Лондондук эксперт Костелло региондогу өкмөттөр террордук коркунучту америкалыктардан башкача түшүнө тургандыгына көңүл бурат. Алардын бул маселедеги түшүнүктөрү Кытай менен Россиянын позициясына окшош. Ошол себептен борборазиялыктар аларга көбүрөөк жакындай башташты. Америкалык жана европалык бир катар байкоочулардын айтымында, региондогу стабилдүүлүккө эл аралык радикалдуу ислам топторуна караганда авторитардык режимдердин ички саясаты,анын натыйжасында абдан жакырланып, маргиналдашып кеткен жергиликтүү социалдык топтор көбүрөөк кооп туудурууда.