Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:12

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: “МАГА КАРАТА ЖАСАЛГАН ЫПЛАС ИШ БИЙЛИКТИН ГАНА КОЛУНАН КЕЛДИ”


Маңзатка байланыштуу чыр менен Польшада камакка алып, сот тарабынан акталган ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн түнкү саат үчтө Бишкекке келип конду. Аны кесиптештери Мелис Эшимканов, Кабай Карабеков, вице-спикер Тайырбек Сарпашев, партиялаштары жана башка жарандык коомдун өкүлдөрү тосуп алышты. Өмүрбек Текебаев аэропортто өзүн тосуп алган эл менен сүйлөшө алган жок. Бирок Жогорку Кеңештин имаратынын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

-Өмүрбек мырза, маңзатка байланыштуу чырды бийлик эмес, оппозиция өзү жасашы мүмкүн деген да сөздөр болуп жатат. Сиз эмне дээр элеңиз?

-“Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат” деген сөз бар. Анын сыңары, “муну Эшимканов уюштурду, Алиев жасады” деген сыяктуу ушак-айыңдарды бийлик өзү таратып жатса керек. Албетте андай эмес. Кыргызчылык кылып, видеокамерага тартылган нерселерди өчүрүшкөн эмес, көп каталыктарды кетиришкен. Эң негизгиси—Польшанын соту адилет болуп, абдан тыкандык менен изилдеп, адилет чечимин чыгарды. Польшаны дагы өзүбүздүкүндөй ойлоп, 500 грамм маңзат менен кармалса, сөзсүз түрмөгө камалат деп аракет жасашкан. Чынында эле эгер мен Таиландка, Түркияга же башка мусулман өлкөлөрүнө барып, ушинтип кармалып калсам, өлүм жазасына тартылып кайтпай калышым мүмкүндүр эле. Менин бактыма мен ушул Польшага түшүп калдым, анткени мени кармаганда эле полициялар да “сиз бизге кармалганыңыз жакшы болду, Түркияда кармалганда башкача болмок” деп айтышты. Окуя болгондон кийин бир-эки сааттан кийин эле тергөөчүлөр өздөрү эле бул атайылап жасалган чагым экендигин айтып чыгышты. Алар дагы маңзатты сатуу үчүн же пайдалануу үчүн алып жүргөн киши минтип, ачыктан ачык, аэропорттон аэропортко секирип, демонстрациялык түрдө алып жүрбөйт, мындай болушу мүмкүн эмес деп, башынан эле ишенишкен жок.

Ал эми менин чемоданымдан чыккан порошоктун маңзат экенин он жолу экспертизадан өткөрүп жатып, араң аныкташты. Анткени ал таза маңзат эмес экен, ал порошоктун 70% жакыны радикулитке жана безгекке каршы колдонулуучу дары болуп чыкты. Бул дагы сотто шектенүүнү пайда кылды. Анткени сатуу үчүн алып келген нерсе таза, сапаттуу болууга тийиш деп эсептеп, менден табылган заттын минтип кошулмасы көп болгонун да шектүү кабыл алышты. Ошондуктан, атайын кимдир-бирөөлөр тарабынан жасалган нерсе болсо керек деп, адилет чечимин чыгарды.

-Сиздин 7-сентябрь күнү эртең менен кармалганыңыз тууралуу кабар Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине ошол замат эле келген, ал эми ТИМ бул маалыматты ачыкка чыгарбай, кечке чейин жашырган деген маалыматтар болууда..?

-Балким, балким. Анткени бизди кармаган оперативдик кызматкерлер Польшадагы Казакстандын консулдугу аркылуу кыргыз бийлигине кабар беришкен. Бирок силерге кеч маалым болуптур.

-Сиз өзүңүз кимдин колунан келди деп ойлойсуз?

-Бийлик тарабынан болгону ачык. Бийликтен башка эч ким мындай чагым жасай албайт. Бул ишти жасоо үчүн бийликтин көп кубаты жана каражаты колдонулган.

-Бүгүнкү акыркы окуялар боюнча бул ишке президенттин жакын туугандары тиешеси бар болуп чыкты. Мына ушундай иштерден кийин бийлик кандай жолго барууга тийиш деп ойлойсуз?

-Варшаванын райондук соту биздин бийликке ишенген жок, мага ишенди. Алар биздин бийликти мына ушундай ыплас чагымга жөндөмдүү экен деп баа берди. Эл аралык коомчулукта биздин Кыргызстандын аброю түштү. Ошондуктан тез аранын ичинде биз муну калыбына келтирүүгө тийишпиз.



АКИпресс агенттигинин сүрөтү
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG