Жарыш сөздөн кийин депутаттар кабыл алына турган токтом долбоорун талкууга өтүштү. Анда президентти, өкмөт башчысын, күч министрликтерин кызматтан кетирүү, Бакиевдин чет өлкөлөрдө дипломаттык кызматта иштеген бир туугандарын чакырып алуу жана Жаныш Бакиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоо талаптары коюлган.Эгерде алар аткарылбаса 15-сентябрда атуулдук баш ийбөө акциясына чыгуу сунушталган. Бирок бир катар депутаттар мындай долбоорду кабыл алууга каршы чыгууда.