Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

ПАРЛАМЕНТТЕГИ ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛДӨРҮ ТАНДЕМДИ ЖОЮУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


Өлкөнү үч көтөргөн “Матрешка” операциясынын башында президенттин бир тууганы Жаныбек Бакиев турганын парламенттик комиссия аныктап чыккандан кийин бийликке оппозицияда турган депутаттар президент менен премьер-министрдин кызматтан чегинишин талап кылууга өтүштү. Парламенттеги көпчүлүк бул талапты колдойбу же президентке жан тартып, ызы-чууну басканга аракет кылышабы, аны бейшембидеги добуш берүү көрсөтөт. Ал ортодо Жаныбек Бакиев кечээ кечинде улуттук сыналгы (МТРК) аркылуу чыгып сүйлөп, өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке какты.

Парламент карап жаткан токтом долбоорунда президент менен премьер-министрди кызматтан кетирүү, элдик ишенимдеги өкмөт түзүү, Германияда, Кытайда элчиликте иштеп жатышкан президенттин бир туугандарын (Марат Бакиев менен Адыл Бакиевди) чакыртып алуу, Конституциялык реформаны тез арада жүргүзүү талаптары жазылган.

Отурумга депутаттардын талабы менен премьер-министр Феликс Кулов келип катышты. Ал эми президент отурумга келген жок.

Токтом долбоору боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн депутаттардын бир тобу президент менен премьер-министр тандемин жоюу сунушун колдоп чыгышты.

Депутат Сайдилла Нышанов Өмүрбек Текебаевге каршы жасалган чагым эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстандын он жылдан ашуун убакыттан бери жыйнап келе жаткан аброюн төгүп таштады деп белгилеп, тандем (президент менен премьер-министр) токтоосуз түрдө отставкага кетүүгө тийиш деген сөзүн айтты.

Азимбек Бекназаров эң негизгиси — Конституциялык реформаны тездетүү экендигин баса белгиледи. Анын айтуусунда, президент менен өкмөт башчыны, күч органдарынын жетекчилерин кызматтан кетирүү менен эч нерсе чечилбейт:

- Эмнеге он беш жылдан бери эч нерсе өзгөрбөй жатат? Мен дайыма ушул суроонун айланасында ойлонуп келем. Көрсө Конституцияда ошентип жазылыптыр. Биз ошону көкүрөгүбүзгө коюп, ант беребиз. Биз Конституцияны, системаны өзгөртүшүбүз керек. Бирок буга президент макул эмес. Анткени ага жагат, анын үй-бүлөсүнө да ыңгайлуу.

Ошол эле учурда айрым депутаттар тандемдин жана күч органдарынын жетекчилеринин кызматтан кетишин талап кылуу—аша чапкандык болуп каларын айтып чыгышты.

Депутат Нооманжан Аркабаев ансыз деле өлкөнүн коопсуздугу коркунучтуу абалда турган учурда мындай талаптар аша чапкандык болот деген оюн айтты. Арап Төлөнов кесиптештерин бийликти сындай бергенден көрө, палатаны ичтен тазаланууга чакырды.

Парламенттин отурумуна өкмөт башчы Феликс Кулов да катышты. Ал чыгып сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кызматтан кетпей тургандыгын билдирди.

Ошондой эле премьер-министр иликтөөнү аягына чейин чыгарбай туруп эле мындай талаптарды койгону үчүн депутаттарды сынга алды:

- Жаныш Бакиевдин бир ооз сөзүн укпай эле президенттин (агасынын) кызматтан кетишин талап кылуу жана аны алмаштыруу туура эмес. Эгер бул иш аны колунан келген болсо, албетте ал камалышы керек. Бирок аны да бир ооз угуп койгула да. Парламенттик комиссия да муну жасаган жок, - деди өкмөт башчы.

Кечинде Улуттук телеканал президенттин иниси, УКК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Жаныбек Бакиевдин интервьюсун көрсөттү.

Анда ал Өмүрбек Текебаевге каршы жасалган чагымды уюштурууга өзүнүн эч кандай тийиштиги жок экенин билдирген:

- Бардык айыптарды мага коюп атышат. Баарын мени уюштурган, мени жасаган деп атышат. Бирок бул туура эмес.

Жаныбек Бакиев тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кызматынан кеткендигин кошумчалаган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG