Депутат Өмүрбек Текебаев президенттин бүгүнкү сөзүнөн жана айрым мамлекеттик маалымат каражаттарында жүргүзүлүп жаткан саясаттан эле маңзатка байланыштуу өзүнө каршы жасалган чагым иши аягына чыкпайт деген ойдо калды:
-Анткени бүгүнкү бийликтеги чоң адамдардын буга катышы бар. Алар өздөрү жазага даяр эмес. Себеби парламент жылдырып аткан күнөөнү далилдейт деген сөз бүгүнкү бийликтин отставкасына, анын жакын туугандарынын он-он беш жылга камалышына алып келет. Элдин кызыкчылыгы үчүн, чындык үчүн, мыйзамдуулук үчүн биздин жетекчилер мындай кадамга барат деп мен ишенбейм. Аны КТРден көрсөтүп атат.
Өмүрбек Текебаев президенттин парламентте сүйлөгөн сөзүнө ынаган эмес:
-Мен президенттин келишин каалаган эмесмин, чакыралы деп сунуштаган да эмесмин. Албетте, мен эле эмес, эч ким канаттанган жок.
Депутат Мелис Эшимканов президент Жогорку Кеңешке келип, чечүүчү бир сөз айтууга жараган жок, ошондуктан Курманбек Бакиевдин эл башкарганга моралдык укугу жок деген пикирде:
-Жалпы жонунан эле баягы эски ырын созуп койду. Бул президенттин Кыргызстанды башкарууга моралдык укугу жок.
Депутаттардын мындай пикирлерин президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун колдоого алган жок. Анын пикиринде президент менен парламенттин ортосунда жакшы диалог болду:
-Менимче, ачык пикир алышуу болду. Депутаттар суроо берди, президент жооп берди. Убакыт гана азыраак болдуп калды. Мындай жолугушуу, пикир алышууларды дагы кайталоо керек деп ойлойм.
Шейшемби күнү Жогорку Кеңеш президенттин, премьер-министрдин отставкасын, Конституциялык реформаны тездетүү жана башка бир нече талаптар жазылган токтом долбоорун даярдап, ага добуш берүү бейшембиге калтырылган болчу. 14-сентябрь күнү долбоорго добуш берүүнү түштөн кийин эле жүргүзүүнү сунуштаган депутаттар да болду. Бирок буга көпчүлүгү макул болушпай, добуш берүү 15-сентябрга калтырылды.
Айрым талдоочулар президенттин бүгүнкү парламенттеги сөзүнөн кийин даярдалган токтом долбоорунун өтпөй тургандыгы айдан ачык деген пикирлерин айтышууда. Ушундай эле пикирди Мелис Эшимканов да билдирди. Анын айтымында президент жана айрым депутаттар парламенттик комиссиянын чыгарган жыйынтыгынын негизинде даярдалган токтом долбоорунун өтпөй калышына кызыкдар:
-Өзүңөр күбө болгонсуңар, мурдагы отурумда депутаттардын 80% аябай ачуу сөздөрдү айтышкан. Бүгүн унчукпай, эптеп токтомду кабыл алдырбоонун, курч суроолорду бердирбөөнүн айласын кылышты. Эмне кылабыз, бул—биздин саясатчылардын, парламенттин жүзү,-дейт Мелис Эшимканов.