Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

18:00 Ноокен районунда эл чогулуп, парламенттен саясий оюндарды токтотууну талап кылышты


Ош-Бишкек кан жолунун боюна 200дөй адам топтолду. Алар Жогорку Кеңешти саясий иштерге жана жеке кызыкчылыктарга алаксыбай, мыйзам чыгаруу жана аны аткарууну көзөмөлдөө милдетин өтөөгө чакырышты. "Манас" аба бекетинин вице-президенти Надыр Мамыров менен Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы орунбасары Жаныш Бакиевге асылууларды токтотууну, ”матрешка” жаңжалы боюнча комиссиялардын бүтүмүн күтүүнү талап кылышты. Талаптары аткарылбаса, парламенттин алдына барып, митинг өткөрөөрүн эскерткен кайрылуу кабыл алып, аны Жогорку Кеңешке жөнөтүштү.

Ырысбай Абдыраимов

XS
SM
MD
LG