Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

МИГРАЦИЯНЫН ДУРУСУ ЖАНА БУРУШУ


Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 61-сессиясы уланууда. Жыйындын күн тартибине быйыл жүз алтымыштай маселе киргизилген. Алардын ичинде дүйнөлүк миграция маселеси сессияда атайын уюштурулган жогорку деңгээлдеги конференцияда талкууга коюлду.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жыйындын ачылышындагы сөзүндө миграция агымын азыркы дүйнө туш болгон чалкеш проблемалардын бири катары атады. Мындан бир нече жыл мурда эле бул маселени Улуттар Уюмунда талкуулап калабыз деген ой эч кимдин капарына келген эмес.

Улуттар Уюмунун жакындагы докладына ылайык, мигранттардын саны дүйнөдө 190 миллиондон ашат. АКШнын өзүндө эле былтыркы санактар боюнча 38 миллион мигрант бар, бул жалпы калктын 13 процентине жакын. Австралияда калктын - 20, Канадада - 19 процентин мигранттар түзөт. Россияда төрт мигранттын бири кытай. Өнүккөн көптөгөн өлкөлөр өздөрүнүн эл чарбасы үчүн келгиндер өзгөчө күч экенин акырындап моюнга ала баштады. Ал эми мигранттар болсо, дүйнөлүк банктын маалыматтарына ылайык, былтыр эле ырасмий каналдар аркылуу өз мекенине 232 миллиард доллар өлчөмүндө акча которушкан. Көп өлкөлөрдүн экономикасы үчүн бул финансылык каражаттын башкы булагы болуп калды.

Баш катчынын атайын өкүлү Питер Сюзерланд дүйнөдөгү миграция кыймылын жөнгө салуу үчүн мигранттардын укуктарын коргогон эл аралык документ керек деп эсептейт. Мыйзам аркылуу жөнгө салынбаган миграция эч кимге пайда бербейт, көп проблемаларды чыгарат, мигранттар аткезчилер менен соодагерлердин курманы болот.

Сюзерланд бул жагынан эл аралык келишим түзүү оңой болбостугун моюнга алып, маселени талкуулаганга АКШ көңүлсүрөбөй жатканын белгиледи. Ал ошондой эле акыркы он жылдыкта Чыгыш Европа өлкөлөрү, Россия экс-совет республикаларынан Батышка умтулган мигранттардын кыймылы үчүн өткөөл базага айланганын айтып, мындан тарыхтын такмазасын көрдү. Атап айтканда, кансыз согуш жылдары Батыш өлкөлөрү Советтер Союзун адамдардын эркин кыймылын кысмактап жатканы үчүн дамамат айыпташчу. Эми болсо ошол эле Батыш өлкөлөрү эркин кыймылдын агымына даттанып жатышат, деп айтты баш катчынын өкүлү. Дүйнөлүк жамаатка азыр акыйлашып- атаандашпай, өз ара сөөмөй кезешпей, бул маселени кантип жакшы жолго коюунун ыкмаларын талкуулап, табуу зарыл.

Миграция проблемасын талкуулап-таңашып көргөнгө,анын баарыга пайдалуу жана майнаптуу жолун тапканга, Сюзерланддын айтымында, АКШга караганда Батыш Европа өлкөлөрү кыйла ийкемдүү мамиле жасай баштады. Мисалы, Белгия эмдиги конференцияны 2008-жылы Брюсселде өткөрүүнү сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG