Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

АКСЫДА СЕГИЗИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨЗ ИШИН АЯКТАДЫ


17-сентябрда Аксы районундагы Боспиек деген жерде сегизинчи элдик курултай болуп өттү. Курултайды уюштурууга “Асаба”, Кайран эл”, "Атамекен” партиялары демилгечи болгону айтылды. Курултай “Акаевчилер кетсин!” деген жалпы тема алдында өтүп, бийлик тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтер сынга алынды. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, коопсуздук кеңешинин башчысы Мирослав Ниязов жана адам укугун коргоо боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун катышып, алар өлкөдө болуп жаткан жылыштарды белгилешти.

“Акаевчилер кетсин!” деген ат менен өткөн VIII элдик курултайга өлкөнүн бардык облустарынан келген делегеттар менен бирге “Реформа үчүн" кыймылы менен “Асаба”, “Атамекен”, Кайран эл” партияларынын жана бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү катышты.

Президент Бакиевдин саясатын жактаган “Эркиндик” жана “Жаңы Кыргызстан”, “Эмгек жана биримдик” уюмдарынын мүчөлөрү да болушту.

Курултайга өлкөнүн жети облусу менен Бишкек жана Ош шаарларынан эки миңдей адам келди. Курултай башталар алдында райондун Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Райма Жоробекова жана жергиликтүү адамдар менен курултайдын делегаттары ар кайсы жерде үч топто бөлүнүп алышып, кер-мур айтышып жатышты.
Курултай мыйзам боюнча ачык асманда болбош керек. Бир имараттын ичинде өтүш керек, дешти айыл бийлигиндегилер.

-Курултай ачык асманда болуш керек эмес деген мыйзам жок. Мыйзамдарды мен жатка билемин. Кыргыз Республикасынын эркин жыйындарды өткөрүү боюнча мыйзамынын үчүнчү статьясында Кыргызстандын ар бир жараны эркин жыйындарды эч кимге тоскоолдук кылбаган жайларда маалымдабай, уруксат албай өткөрө берсе болот,- деп түшүндүрмө жасады адам укугун коргоочу Азиза Абдурасулова.

Ал эми алардын чырын президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун чечип, айыл өкмөт башчысын бийликти уят кылбоого чакырды.

Курултайды “Асаба”партиясынын төрагасы, депутат Азимбек Бекназаров ачты. Ал сегизинчи курултайдын өтүүсүнө буга чейинки элдик жыйын жана митинг, пикеттердин талаптары аткарылбагандыгы, конституциялык реформа жүрбөстөн бийлик уюмдарында дагеле Аскар Акаев менен бирге иштегендер отурушкандыгын, экс-президенттин жакындарынын мүлк байлыктары элге алынбагандыгы түрткү болгондугун белгиледи:

- Жеринен атайын түзүп кеткен системаны бузуп, жаңы, адилет, элдик бийлик орносун. Конституциялык реформаны жүргүзүү болчу. Экинчиси, он беш жылдан бери акаевдердин жакындары ээлеп алган мүлктүн, байлыктын бардыгын элге алынышы керек эле. Үчүнчүсү, Акаевди....

Делегаттар “Акаев+Бакиев кетсин!”, “Акаевчилер кетсин!”, “Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү соттолсун!”, “Бакиевдер Кыргызстанды уятка калтырбагыла!” деген тасмаларды көтөрүп турушту.

Баткен облусунан келген Маматкадыр Абдыкапаровдун айтымында, Кадамжай районунда адам укугу бузулууда:

-Арызыбыз жогору барат. Сиздин арызыңызды алдык, райондук акимге жөнөттүк, облустук губернатор Айжигитовго жөнөттүк дейт. Облпрокуратурага жөнөттүк дейт. Алардан биз жооп алабыз, фактылар далилденген жок деп алабыз.

Нарындык делегат Алымбек Акунов өлкөдө кадр саясаты менен жашоонун начардыгына нааразы болду.
Оппозициячыл депутаттар менен делегаттардын бийлик уюмдарында өзгөрүү байкалбай жатат деген пикирине мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров кошулган жок.

-Чындык ушундай баарыбыз көрүп жатабыз. Эч кимден коркуп-үркүп калган жерибиз жок. Турмуш күндөн-күнгө кудайга шүгүрчүлүк. Келип отургандар: облустун губернатору, райондун акимдери башка жетекчилер, мен дагы мамлекеттик катчы катарында эмес жөн эле Адахан Мадумаров катары келип отурам,- деди Адахан Мадумаров.

Аксы районундагы курултайга келе жаткан жолдо жол жана чек ара кыйынчылыктарына ысыккөлдөн келген делегат Акунов Акыл да туш болгон.

- Эмне үчүн ушул убакка чейин чек ара маселеси чечилбейт. Эмне үчүн ушул жердеги эл ойдон тоого, тоодон ойго секирип жүрөт? Эмне үчүн кыйналып жатат?. Тигил жакка барса тигил жагы кыйнайт. Бул жакка келсе бул жагы кыйнайт. Элдин тагдырын оңдобосок кантип оңолобуз,- дейт Акыл Акунов.

Курултайда сүйлөгөндөр конституциялык реформа жүрбөстөн бийлик кызматтарында эски бийликтин таламдаштары иштеп жатышкандыгын, өлкөдө өзгөрүү боло электигин белгилешти. Март ыңкылабынан кийин Аксы окуясына тиешелүү адамдар жазага тартылбагандыгын айтышты.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнө маңзат салган тиешеси бар кызматкерлер Жогорку Кеңештин сессиясына келип жооп беришсин дешти. Депутат Болот Шерниязовдун ушундай баасы боюнча Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү табылбаганы бүгүнкү бийликтин алсыздыгын көрсөтөт. Курултай бийликтегилерге мурдагы элдик жыйындардын чечимдери менен “Реформа үчүн" кыймылынын талаптарын аткаруу милдеттерин жүктөдү. Ошондой эле Аксы окуясы боюнча кылмыш иши бир ай ичинде жыйынтыкталып, саясий куугунтуктарды токтотуу, депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнө маңзаттарды салган ишке тиешеси бар деп жатышкан “Манас” авиабекетинин вице-президенти Надыр Мамыровду жоопко тартып, президенттин иниси Жаныш Бакиевге кылмыш ишин козгоо талаптарын койду жана КТР элдик сыналгы болсун деген чечим кабыл алынды.

Эгер бул талаптар аткарылбаса Бакиев-Кулов тандеми кызматтан кетсин деген чечимдерди депутат Азимбек Бекназаров окуп берди:

-Конституциянын жаңы долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштасын. 2006-жылдын апрель, май айларындагы “Реформа үчүн" кыймылы өткөргөн митингдердеги койгон талаптар токтоосуз орозо айы бүткөнгө чейин аткарылсын. Ушул эле мөөнөттө 2005-жылдын 24-декабрында VI элдик курултайда кабыл алынган чечимдер дагы токтоосуз аткарылсын. Республикада саясий куугунтук токтотулсун. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевге байланыштуу болгон бийлик өкүмдөрү кылмыш жообуна тартылсын. Курманбек Бакиев үй бүлөлүк башкарууну токтотсун. Он күндүк мөөнөттө бир туугандарын мамлекеттик бийлик кызматтарда чакыртып алсын. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясы коомдук, элдик телерадиокомпанияга айлансын. Эгерде ушул аталган чечимдер октябрь айына чейин аткарылбаса, Бакиев-Кулов тандеми кызматынан кетсин,- деди Азимбек Бекназаров.

Адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун мындай талаптарга негиз жок экендигин билдирди:

- Бакиевди эмне айтып жатасыңар мен түшүнбөй турам. Бакиевди өзүңөр шайлагансыңар. Азимбек өзү башында туруп көрсөткөн. Мен көргөзгөн эмесмин. Мен болсо Бакиевге ишенем, иштеп жатам,- деди Турсунбек Акун.

Кален Калбаев болсо курултайдын өтүшүн кезектеги депутаттардын саясий шоусу деп баалады. Облустагы аялдар комитетинин башчысы Уулкан Мамасадировага курултайда сөз берилген жок. Ал депутаттарга каршы эми аялдар армиясын түзөөрүн мындайча билдирди:

-Биз курултайга Кыргызстандын жараны катары келгенбиз. Өзүбүз эне катары салымыбызды кошолу десек Бекназаров бизди сүйлөтпөй бул жерде ура турган балдарды коюп, жулуна турган аялдарды коюп, бизди сүйрөп түшүштү. Он төрт жыл Акаевдин мезгилинде эмне кылып жүрдү эле. Эми бир жарым жылда эл шайлаган Курманбек Салиевич эмне кылыш керек. Акаев элди таштап кеткенде. Азыр жакшы иш болуп жатат. Жылыш бар. Кудая шүгүр. Бүткүл энелерди мен ынтымакка чакырып кетем. Аялдар армиясын түзүп, биз бул оппозицияга жол бербейбиз,- деди Уулкан Мамасадирова


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG