Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бөлүмүнүн туруктуу комитетинин мүчөсү болуп шайланды. Ал регионалдык бөлүмдүн Данияда болгон жыйынында болуп өттү. 53 өлкөнү камтыган бөлүмдүн туруктуу комитетинин 9 мүчөсү бар жана ал регионалдык бөлүмдүн саясатын аныктайт. Дания жыйынында “Манас таалими” программасы үчүн кошумча 55 миллион доллар караштырууга регионалдык директор М. Данзон убада кылган.