Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ КИМ БОЛОТ?


Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору алмашкан жатат. Аны келишимге ылайык Кыргызстандык жана Түркиялык окумуштуулардан жана жетекчилерден түзүлгөн камкордук кеңешинин сунушу менен Кыргызстандын президенти бекитет. Учурда кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректорлук оруну талашка түшүп жаткандыгы айтылууда.

Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында кыргыз-түрк “Манас” университетинде бир нече маселелерге байланыштуу камкордук кеңешинин отуруму болуп өткөн. Анда негизинен аталган окуу жайды академиялык жана каржылык жактан өнүктүрүү, жаңы окуу имараттарын курууга байланыштуу ачык сөз болгон.

Бирок айрым маалыматтар боюнча, ушул эле отурумда кыргыз-түрк “Манас” университетинин жаңы ректорун бекитүү тууралуу да маселе көтөрүлгөндүгү айтылууда. Бул маалыматты кыргыз-түрк университетинин жетекчисинин жардамчысы да тастыктады. Анын айтымында, камкордук кеңеши ректорго талапкерди кыргыз бийлигине сунуштаган, бирок президенттен жооп боло элек.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу, профессор Жусуп Пиримбаевдин айтымында, аталган окуу жайдын ректорун алмаштыруу тууралуу маселе бир жылдан бери козголуп, аягына чыкпай келген. Анын сөзү боюнча университеттин жетекчисин дайындоо ишин эки мамлекеттин окумуштууларынан жана жетекчилеринен түзүлгөн камкордук кеңеши гана жүргүзөт:

-Сунуштоо тууралуу камкордук топ бизге маалымат беришпейт. Буга алардын акысы бар. Бирок бизден деле бир ооз сурап, маалымдап коюшса жакшы болмок.

Атын атоону каалабаган байкоочулардын айтуусунда, кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректорлугуна филология илимдеринин кандидаты, профессор Сулайман Кайыповдун жана тарых илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурованын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Муну талапкерлердин бири Сулайман Кайыпов тастыктады:

-Камкордук кеңеши жүз пайыз добушун мага берген. Ал эми Болжурованын талапкерлиги бир да добуш ала алган эмес.

Дагы бир талапкер Ишенгүл Болжурова болсо, бул маселенин кыргыз өкмөтү тарабынан чечилишин жактайт. Ал кыргыз-түрк университети Кыргызстанда жайгашкан соң, чечүүчү сөздү кыргыз өкмөтү айтууга тийиш деген сөзүн “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Ишенгүл Болжурова буга чейин Бишкек гуманитардык университетинин ректору, Кыргыз улуттук университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп иштеген.

“Манас” университетинин окутуучусу Жусуп Пиримбаевдин пикиринде университеттин ректорлугуна окуу жайдын ички шарты менен, окутуучулар жана студенттер жамааты менен жакшы тааныш инсан дайындалганы жакшы болмок.

Кыргыз-түрк “Манас” университети 1995-жылы түзүлгөн. Учурда окуу жайдын ректору болуп иштеп жаткан профессор Карыбек Молдобаев ошол жылы дайындалган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG