Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Вашингтондо АКШ жана Пакистан президенттери жолугушту


Жорж Буш менен Первез Мушарраф терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Андан бир күн мурдагы интервьюсунда Мушарраф америкалык өкүлдөр мындан беш жыл мурда Пакистанды антитеррордук согушка кошулбаса күлүн көккө сапырып бомбалап таштайбыз деп коркутканын айткан эле. Буш бул тууралуу биринчи ирет угуп отурганын айтып, кечээги маалымат жыйынында Мушаррафка антитеррордук ишмердиги үчүн ыраазылык билдирди. Мушаррафтын ырастоолорун америкалык ырасмий өкүлдөр төгүндөп жатышат.

XS
SM
MD
LG