Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА ПАРЛАМЕНТТИК УГУУДАН БАШТАЛАБЫ?


Депутат Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ жазган Конституциянын үч долбоору Жогорку Кеңешке парламенттик угуулар өткөрүү үчүн жиберилди. Парламенттик угуулар качан, кандай форматта башталары азырынча талкууланууда.

Президент Курманбек Бакиев 14-сентябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ жазган Конституциянын үч долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна кое албасын билдирген:

- Мен түзгөн Бекназаров башында турган жумушчу топ Конституциянын үч долбоорун даярдады. Бирок, алардын бирөөсүн да Жогорку Кеңешке киргизе албаймын. Ошондуктан парламенттик угуу кылайлы деген сиздерден чыгып жаткан демилгени колдоймун. Ошол угууда жумушчу топ түзгөн долбоорлорду талкуулаңыздар. Андан кийин өзгөртүү жана толуктоолор менен кайтарыңыздар. Анан карап бир чечимге келейли. Ноябрь, декабрга чейин даяр болсок. Мен даярмын. Башкаруу системасы боюнча да сиздер менен акылдашып, бир пикирге келсек.

Мамлекет башчысы башкаруу системасы боюнча президенттик, же президенттик-парламенттик башкаруу системасын жактаарын да мына ошондо дагы бир ирет белгилеген. Президент андан кийин үч долбоорду парламенттик угууга жолдоду.

Жогорку Кеңештин төрагсы Марат Султановдун «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, парламенттик угууларга даярдыктар көрүлүүдө:

- Биз азыр парламенттик угууларды өткөрөлү деп жатабыз. Бирок, анда үч долбоор менен эле чектелбей, башка долбоорлорду да карасак деп жатабыз. .

Төраганын айтымына караганда, парламенттик угуулар учурунда башкаруу системасын тандоо маселеси да күн тартибинде болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев парламенттик угуулар учурунда президенттин катышуусу максатка ылайыктуу дейт:

-Бул жерде парламенттик талкуудан президент кандайдыр бир жыйынтык чыгарам десе,анда ал өзү сөзсүз түрдө катышыш керек. Эгерде ал силерге бердим, эми Жогорку Кеңеш бардык коомдук уюмдарды, саясий күчтөрдү чакырып, ошолор менен кеңешип, бир жыйынтыкка келип, мага сунуштасаңар, мен аны парламентке киргизем десе, анда анын жөнү башка. Биз ошонун тартибин билбей жатабыз. Менин мисалы бул боюнча президентке менин суроолорум көп эле.

Темир Сариевдин айтымында, бир катар депутаттар Жогорку Кеңеш иштеп чыккан Конституциянын долбоорун жактайт. Белгилүү болгондой ал долбоор Өмүрбек Текебаев Жогорку Кенешти төрагасы жана Конституциялык кеңешмени башкарып турганда даярдалган.

Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиевдин айтымына караганда, учурда парламенттик угуулардын форматы, убактысы боюнча кеңешүүлөр, даярдыктар жүрүп жатат. Биз негизи октябрь айында талкууларды баштоону пландаштырып жатабыз, деп белгиледи Исхак Масалиев.


Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG