Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

ЖООНУН КАТЫГЫН БЕРҮҮЧҮ БИРГЕЛЕШКЕН АСКЕРДИК ТОПТОР ТҮЗҮЛӨТ


Жамааттык коопсуздук келишими уюму Борбор Азия аймагында биргелешкен аскердик тобун түзүүнү пландаштырууда. Ал топ тышкы агрессияга жана террордук чабуулдарга биргелешип каршы турууга кызмат өтөйт.

Россиянын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Борбор Азияда биргелешкен аскердик топ түзүү боюнча келишимге келерки жылы кол коюулушу күтүлүүдө. Ал СССР мезгилиндеги Орто Азия аскер округунун милдетин кайсы бир деңгээлде кайталамакчы.

Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков Биргелешкен аскер тобун түзүү аракети жүрүп жатканын «Азаттыкка» тастыктады: «Ошонун негизинде бизде азыр аскердик бөлүктөр түзүлгөн. Ал ички болобу, тышкы болобу, кандай агрессор болбосун, аларга каршы күрөшүү максатын көздөйт. Алардын жетекчилери шайланып, оперативдик топтору бизде Бишкекте отурушат. Ошондуктан бул маселе такталган десек болот.

Ички агрессор деген сөздү Исмаил Исаков мындайча чечмелеп берди: «Шанхай кызматташуу уюму, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун азыркы эң актуалдуу маселеси эл аралык терроризмге каршы күрөшүү болуп атпайбы. Ошондуктан кайсы бир өлкөнүн ичинде террордук актылар боло баштаса, ага каршы турууга да даярдык көрүлөт дегендик.

Биргелешкен аскердик топ машыгууларды өткөрүп турат. Ошондой эле аларды куралдандыруу да биргелешип жүргүзүлмөкчү.

«Арнамыс» партиясынын төрагасы Эмил Алиев биргелешкен топ түзүү зарыл, бирок аны пайдалануу жолдору так аныкталыш керек деген пикирде: «Мындайды топту түзүү керек. Бирок аларды ички иштерге аралаштырбаш үчүн келишим жазып жатканда эле аны белгилеп коюш керек. Бул күчтөр ички иштерге, саясий максаттарга колдонулбайт деп. Ал эми сырттан уюштурулган, каржыланган террордук топтор болсо, а бирок Кыргызстан ичинде болуп калса, маселен Баткенде болгондой, андайларга сөзсүз биргелешкен күч колдонулуш керек».

Исмаил Исаковдун айтымына караганда, тынчтык мезгилде биргелешкен топтогу ар бир өлкөнүн аскердик бөлүгү өз өлкөсүндө болот. Агрессия болгондо чогуу каршы турушат. Бул Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун теориядан практикага өтө баштоосу, деп белгиледи Кыргызстан коргоо министри.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай аракетти колдоп, бирок аны турмушка ашырууда проблемалар чыгаарын белгилейт: «Эми теориядан практикага өтөбүз деген менен, ал канчалык деңгээлде практикага өтүлөт? Бул да күмөндүү болуп жатат. Анткени маселе ким каржылайт ошого келип такалат. Кыргызстанда андай топторду каржылоого мүмкүнчүлүк жок».


Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG