Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:12

ТАЛИПТЕР ЧИНОВНИКТЕРДИ БУТАГА АЛА БАШТАШТЫ


Ооганстандын Кандагар шаарында жергиликтүү өкмөттүн аялдар ишин тескеген өкүлүн атып кетишти. Өзүн “Талибандын” өкүлү деп атаган бир адам Ройтердин кабарчысына телефон чалып, Сафия Ама Жан шариат жолун бузуп, өкмөткө иштегени үчүн өлтүрүлгөнүн кабарлады. Соңку эки жыл ичинде түштүк Ооганстанда жергиликтүү өкмөттөрдүн көп сандаган өкүлдөрү талиптердин колунан мерт болушту.

Кандагар губернаторунун өкүлү ырастагандай, каракчылар Сафия Ама Жанды эрте менен үйүнөн чыгып, кызматка жөнгөнү машинасына отуруп жатканда атып кетишкен. Полиция дароо тергөө ишин баштап,кылмышкерлердин изине түшкөнгө киришти,бирок азырынча эч ким кармала элек, деп айтты губернатор өкүлү.

Сафия Ама Жан талиптер Кандагардан качкан соң 2001-жылы жергиликтүү өкмөттө аялдардын иштери боюнча бөлүмгө башчы болуп дайындалган. Талиптер бийликте турган жылдары аялдар үй жумушун гана кылганга милдеттендирилип, коомдук иштерге катышканга аларга таптакыр тыюу салынган. Ага чейин Ама Жан мектепте кыздарга сабак берген.

Кандагардагы бул кыянатты Улуттар Уюмунун Ооганстандагы жардамдашуу миссиясы кескин айыптады. Ама Жандын өз өлкөсүндө бейкуттук, өнүгүү болсун,аял-эркектин укуктары тең болсун дегенден башка эч кандай жазыгы жок эле, деп айтты уюмдун өкүлү.

Андан бир күн мурда Пактика провинциясындагы райондордун биринде да жергиликтүү өкмөт башчысын куралдуу кесептер түн ичинде атып кетишти. Жалпы эсепте акыркы эки жылда түштүк Ооганстанда бийликтердин көп сандаган өкүлдөрү талиптердин колунан мерт болушту.

XS
SM
MD
LG