Өткөн жуманын аягында Бишкек шаардык башкы архитектурасынын кызматкери 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле 24-сентябрда Бишкектеги салык инспекциясынын кызматкери 2,5 миң сом пара менен колго түшкөн. Мындан бир жума мурда Бишкектеги Жогорку окуу жайлардын биринин деканы 6 000 сом менен кармалган.
Акыркы убактарда Кыргызстан үчүн мындай маалыматтар кадыресе көнүмүш адатка айланып баратат. Айрым талдоочулардын пикиринде бул маалыматтар мурдагыдай таң калууну жаратпай калган, анткени азыр коррупция бардык тармактарга, бала бакчадан тартып, башкаруучу кызматтарга чейин кирип кеткенин, сол чөнтөккө “бирдеме” салмайынча, иши баары бир бүтпөй тургандыгын элдин баарына белгилүү дешет алар.
Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов мындай фактылар көрсөтмө үчүн гана жасалып жаткан иш деген пикирде. Анын айтымында жалаң чабактар кармалып жатканы менен ири коррупционерлер ордунан козголо элек:"Тилекке каршы иш жүзүндө коррупция менен күрөш жок болуп атпайбы. Ал күрөштү эл көрүп турат, кандай жүрүп жаткандыгын. Акыркы убакта коррупционерлер жалаң эле мугалимдер менен врачтар, анан майда-барат кызматкерлер деген маанай пайда болду. А чынында булар майда чабактар да. Биз он беш жылдан бери эле коррупция менен күрөшүп келатабыз, бирок бир да чоң жаян кармалган жок."
Коррупция—пара алуу гана эмес, ошол эле учурда тууганчылык, жердешчилик, мамлекеттин, элдин акчасын биргелешип жеп алуу дейт Кубатбек Байболов. Мунун баарына аз эле убакыттын ичинде бөгөт коюуга болот деп эсептейт ал. Анын сөзү боюнча коррупция менен күрөшүүнү бийликте отургандар өздөрүнөн баштоого тийиш.
Чоң жаян демекчи, өткөн жумада Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев өкмөт баштаган жетекчи кызматкерлердин баары таза, коррупциядан арылган деп айтып, негизги жеп-ичкичтер билим берүү, саламаттык сактоо, салык жана бажы тармактарында таризиндеги оюн айткан эле.
"Азыркы өкмөт коррупцияга малынган эмес. Алардын мындай ишке барышына негиз жок, коррупциядан алдакачан арылышкан. Көпчүлүк губернаторлор да коррупциядан алыс деген үмүтүм бар. Район акимдери да ошондой. Бирок да, коррупция аймактарда, саламаттык сактоо, билим берүү, укук коргоо, салык жыйноо жана башка органдарга жайылып кеткенин кайталап кетким келет. Биз мындан кутула албай келатабыз",-деп белгилеген президент.
Бирок коррупция дал ушул мамлекет башкарган жетекчилерден башталып жатат деген ойлор да жок эмес. “Атамекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев 17-сентябрда Аксыда болгон курултайда сүйлөгөн сөзүндө коррупциянын башында президент турат деген оюн жарыя кылган:"Ээлерин өлтүрүү менен бийликти-байлыкты бөлүп алуу болуп атат. Шаарларда менчиктер, кабат-кабат үйлөр кожоюнун алмаштырып атат. Баласынын чөнтөгүнө маңзат салып, “үйүңдү бербесең иш козгойм” деп коркутат. Айласы кеткендер митинг кылып, ачкачылык жарыялап, президентке ачык айтып атышат. Бирок президент алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, кызматтан алган жок. Алалбайт, анткени чогуу кылмыш кылышкан".
Жең ичинен жеп-ичүүгө каршы күрөшүү максатында мамлекет тарабынан мындан беш ай мурда Коррупциянын алдын алуу боюнча атайын агенттик түзүлгөн. Бирок ушул убакытка чейин агенттиктин өзүнө тиешелүү имараты жок. Агенттиктин комиссары Курманбек Жороевдин айтуусунда, коррупцияны тыюу иштери жүргүзүлө баштады. Бирок баарын жоюу үчүн убакыт керек: "Коррупция менен күрөшүү абдан татаал, узакка созулуучу жараян. Буга бир-эки күн, бир-эки айда бөгөт коюп, жоюп салабыз деген иллюзия болбошу керек. Азыркы күндө бардык жарандарыбыз, бийлик жана күч органдары баарыбыз чогуулап иштебесек, коррупциянын деңгээлин азайтуу жана аны жок кылуу абдан оор".
Курманбек Жороевдин айтымында, коррупционер тууралуу маалымат берген адамдар көбүнчө жашыруун калууну каалашат, беш ай ичинде коррупциянын алдын алуу боюнча агенттикке болгону 81 адам кайрылган.