Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

БОЛГАРИЯ МЕНЕН РУМЫНИЯ ЕВРОСОЮЗГА АЛЫНАТ


Европа комиссиясы Болгария менен Румынияны алдыдагы жылдын 1-январында биримдикке кабыл алууну сунуш кылды. Ошол эле учурда союздун жетекчилиги эки өлкөгө тең бир катар шарттарды аткарууга жана зарыл реформаларды жүргүзүүгө туура келерин да эскертти.

Болгария менен Румынияны союзга алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жети жылга созулду. Акыры шейшемби күнү Страссбургда Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу евробийликтердин бүтүмүн угузду. Ага ылайык, Болгария менен Румыния 2007-жылдын 1-январынан тартып Евросоюздун мүчөсү болгонго, буга байланышкан бардык укуктарды жана милдеттерди өздөрүнө алганга даяр деп табылды.

Ошол эле учурда Баррозу эки өлкөгө бир топ катуу шарттарды аткарганга туура келерин да эскертти. Биринчи кезекте коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү жөнүндө ар бир алты айда Бухарест менен София Брюсселге отчет берип турушат. Румыния менен Болгарияда бу чөйрө түзүлгөн абалга Еврокомиссиянын али толук коомуту толо элек. Эки өлкөдө тең коррупциянын, уюмдашкан кылмыштын жетерлик өлчөмдө кылтасы кыркылган жок.

Экинчи шарт - евробюджеттен бөлүнчү миллиондогон суммадагы жардамды үлөштүрүүнүн ачык-айкын системасы түзүлүшү зарыл. Эгер эмдиги жылдын мартына чейин бул иш бүткөрүлбөсө, Болгария менен Румыния өз энчисинин чейрек бөлүгүнөн ажырайт. Мындан тышкары мал, куштун ылаңы күчөгөндөн улам эки өлкөнүн азык-түлүктөрү Евросоюздун рыногуна чыгарылбайт. Болгарияга буга кошумча авиакаттамдардын коопсуздугун бекемдөө талап кылынат. Коюлган шарттар аткарылбаган күндө Евросоюз үч жылга чейин эки өлкөгө санкцияларды колдонуу укугун сактап калат.

Байкоочулар белгилешкендей, буга чейин союзга алынган өлкөлөргө мындай катаң чектөөлөр коюлган эмес болчу. Еврокомиссия мындай чечими менен реформаларды кыйла жигердүү улантканга Румынияга жана Болгарияга түрткү берүүнү көздөп жатканын еврочиновниктердин бири билдирди. Башка бир байкоочулар муну Евросоюздагы калктын көңүлүн жайгаруу амалы дешет. Азыр биримдиктеги элдин теңинен ашыгы союздун кеңейишин колдобойт.

Союздун Британия, Ирландия, Швеция сыяктуу эски мүчөлөрү болгар жана румын жумушчуларына өз аймактарына ээн-эркин келип-кеткенге мүмкүндүк берүүдөн баш тартышты. Эң башкысы - Европа конституциясынын тагдыры арасат абалда турат. Баррозу союздун лидерлерин бул маселени 2008-жылга чейин бир жаңсыл чечкенге чакырды. Ансыз биримдикти андан ары кеңейтүү мүмкүн эмес.”Болгария менен Румыния Евросоюзга анын кеңейтүүнүн акыркы этабында кошулуп жатышат, бул Европаны кайра бириктиргенге мүмкүндүк берди. Менин байкоомдо,адегенде зарыл реформаларды жасабай туруп мындан ары башка эч кимди кабыл алалбайт сыяктанабыз”, - деп айтты Баррозу.

Баррозунун бул сөзү Евросоюзга өтүүнү көксөп жаткан Түркиянын, Украинанын,Балкан менен Кавказ өлкөлөрүнүн үмүтүнө суу сепкендей болушу мүмкүн. Еврокомиссиянын сунуштары алдыдагы айда союздун саммитинде талкууланат.

XS
SM
MD
LG