Буга байланышкан алгачкы программага тараптардын өкүлдөрү өткөн аптада Венада кол коюшту. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, программага ылайык Кыргызстан эми МАГАТЭ менен айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо, айыл чарба жаатында кызматташа алат. Учурда МАГАТЭ Кыргызстандын улуттук үч программасын карап жатат.