1875-жылдын сентябрь айында кыргыздар менен кыпчактардын Кокон хандыгын каршы көтөрүлүшү кулач жая өнүктү. Лейлектен чыккан Пулатхан кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшүн жетектеп, ал айланасына хандыкка нааразы болгон калк катмарын топтой алган. Көтөрүлүш жалпы жонунан хандыкка каршы багытталып, эркиндикке умтулуу мүнөзүнө карабастан, ал аймакта үстөмдүк орнотууну эңсеген Россия империясы үчүн да олуттуу коркунуч жараткан. 1875-жылдын 29-сентябрында генерал Кауфман генерал-майор Троцкийге жазган катында-«эгер, Пулатханды колго түшүрсөм, аны генерал-губернатордуктун атынан даргага асамын»,- деп убада берген.
1930-жылдын бу күндөрү археологдор Таластан табылган нумизматикалык эстеликтердин баалулугун аныктоо үстүндө иштеп атышты. Талас кантонунан Фрунзеге алып келинген 660 күмүш акча XIV кылымга таандык экендиги аныкталып, мындай үлгүдөгү нумизматикалык материал Эрмитаж, ал түгүл Британия музейлеринде жок экендиги белгилүү болду.
1954-жылдын бу күнү индия киносунун Кыргызстандагы өткөн бир жумалык фестивалы соңуна чыкты. Борбордун «Алатоо», «Ударник» жана маданият министрдигинин кинотеатрларында индиялык маданият чеберлерининин чыгармалары көрсөтүлүп, «Селсаяк» сыяктуу тасмалар көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.
1978-жылдын бу күнү кыргыз эл жазуучусу, республикалык кинометаграфисттер союзунун төрагасы Чынгыз Айтматов Ленин ордени жана «Орок жана Балка» алтын медалы менен сыйланды. Советтик жазуучулар арасынан Чынгыз Айтматов Социалисттик Эмгектин баатыры наамы менен сыйланган биринчи жазуучу болгон.
2003-жылдын бу күнү Бишкектеги
«Ош», «Дордой», «Аламүдүн», «Ортосай» базарларындагы контейнерлер ээлери иш ташташты. Иш адамдарынын нааразычылыгы, финансы министрдиги тарабынан соода түйүндөрүндө кассалык аппараттын коюлуш талабынан улам келип чыккан.
Бу күнү, 1865-жылы англис адамы Генри Робинсон дүйнөдө биринчи болуп үйлөнүү агенттигин ачып, 1916-жылы Джон Рокфеллер дүйнөдөгү биринчи миллиардер атыгып, 106-жылы атактуу Рим полководеци Помпей, 1758-жылы айтылуу англис адмиралы Горацио Нельсон, 1820-жылы орус тарыхчысы Иван Забелин, 1901-жылы америкалык физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты, атом бомбасын чыгарган Энрико Ферми, 1904-жылы орус жазуучусу Николай Островский жарык дүйнөгө келген.