Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУ КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫНДЫ?


Президент Курманбек Бакиевдин 28-сентябрь күнү жалпы элге жасаган кайрылуусу коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Айрым саясатчылар кайрылуу баягы эле куру сөз, кургак убада болуп калды деген пикирлерди айтышууда. Ошол эле учурда тескерисинче президентти толук жактагандар да бар.

Президент Курманбек Бакиевдин кечээки кайрылуусун сынга алган саясатчылар мамлекет башчысы алдыда аткарыла турган иштерди катары менен санап гана тим болуп, алар кантип, ким тарабынан аткарыла тургандыгы тууралуу негиздүү сөзүн айткан жок деген пикирин билдиришүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров президенттин кайрылууда айткан сөзү менен жасаган иши айкалышпай жатат деп дейт:"Президент күз келип калганына байланыштуу жана биздин курултайдын экинчи этабы жакындап калгандыктан, элге дагы бир “мен иштеп жатпаймынбы, катуу турам, жылыш бар” деп, кезектеги куру сөз кайрылуусун жасады. Ал муну менен өзүнүн иштеп жаткандыгын билдирүүгө аракеттенип жатат. Бирок Конституциялык жобосу менен айтсак, кайрылуу бошко кетти".

Президенттин сөзү менен иши дал келишпей жатат деп сындаган депутаттардын бири Осмон Артыкбаев кайрылууда так, анык багыты көрсөтүлгөн бир программа болгон жок деген пикирде:"Мен кайрылууга канааттанган жокмун. Эч бир конкреттүү, так айтылган көрсөтмө, программалар жок."

Артыкбаевдин сөзүн кесиптеши Акматбек Келдибеков да коштоого алды. Анын айтуусунда президент аткарыла турган иштер боюнча өкмөткө, ар бир министрликтерге белгилүү бир тапшырмаларды берсе жакшы болмок: -Президент он, жыйырма тапшырма болсо да, ар бирин негиздүү түрдө өкмөткө, ар министрликтерге тапшырса жакшы болмок. Анткени ушул кайрылуунун негизинде мамлекет кайсы тармактан жетишет, кайсы тармакта өсүш болот же болбосо, кандай аракеттер жасалганда аксап жаткан тармактар бутуна турат, ушул тууралуу айтышы керек эле".

Президент кечээки кайрылуусунда энергетика тармагын ээсине тапшыруу керек деп айтып, бул тармакта Ысыккөлдөгү менчик компаниянын алгылыктуу жүргүзүп жаткан ишин мисалга алган. Энергетика тармагынын адиси, ЖК депутаты Осмон Артыкбаев президент энергетика тармагын менчик колдорго берүүнү эмес, аны иштетип, мамлекетке пайда түшүрүүнүн башка жолдорун издегени жакшы болмок дейт.

Айрым пикирлер боюнча президенттин кайрылуусунда өлкөнү кайра куруу мезгилинде зарыл болгон жана эл мамлекет башчыдан күтүп жаткан негизги ойлор айтылган. Чукул кырдаалдар министри Жаныш Рустенбековдун айтымында, бул кайрылууда мамлекетти бутуна тургузуу боюнча көрүлүүчү көптөгөн аракеттер белгиленген, эми кептин баары алардын ишке ашуусунда турат. Жаныш мырза эң алгач эл мыйзамды сыйласа, мыйзам катуу болсо, анан гана ийгилик жаралат деген ойдо:"Мыйзам жакшы иштеши үчүн эң алгач биз, жарандар ага баш ийүүгө тийишпиз. Бирок бизде андай болбой, ар ким өз билгенин жасап жатышат. Эгер Кыргызстан түптүү, өнүккөн өлкө болуусун кааласак, баарын өзүбүздөн баштап, мыйзамды сыйлайлы."
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG