- Марат мырза, 2004-жылы 2-декабрда Башкы прокуратура тарабынан сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголгон экен. Ушундай болгонбу?
- Менин үстүмөн кылмыш иши козголону тууралуу биринчи жолу угуп атам.
- Бул балким, Европалык өнүктүрүү банкынан Кыргызстанга бөлүнгөн кредиттери тууралуудур. Ошого байланыштуу жооптуу киши катары сиз дагы сурак берип жүргөн экенсиз, ушул туурабы?
- Жок, сурак эмес. Бир эле маселе боюнча мага суроо берген, мен ошого карата кичине маалымат бергем. Биз ал кезде банктарга 500 миң долларга чейин кредит бергенге уруксат бергенбиз. Ал эми банктар ал мезгилде 50-70 миң доллардын тегерегинде гана кредит бере алчу. Ошол чечим эмне үчүн кабыл алынды эле деген бир эле суроо болгон. Ал 2004-жылы болгон.
- 7,1 млн. доллар боюнча сөз болуп жатат ал кредитте. Ошол иш кийин Мыктыбек Абдылдаев прокурор болуп турганда козголгон экен. Кийин Азимбек Бекназаров келип ал ишти аягына чыгарыптыр. Бир миллион долларга жакыны гана кайтарылган экен мамлекетке, калган акча кайда деген суроо туулат?
- Сизде туура эмес маалымат экен. Негизинен ал кредиттин көп бөлүгү кайтарылган. Эки банктыкы гана кайтарылган эмес. Мен бир нерсени айтып коеюн, бул кредитти ким берген? Европалык банк берген, биздин мамлекет кепил болгон. Европалык реконструкция банкы өзүнүн адистерин бул жакка жиберген, бүт кредиттерди алар бул жерден карап чыгышып, Лондондо бекитишкен. Бир гана Улуттук банк көзөмөл жүргүзгөн. Мен мисалы, Улуттук банктын төрагасы болгонго чейин бардык кредиттер өз убагында кайтарылчу эмес экен.
- Айдар Акаевдин үстүнөн кылмыш иштери козголуп, парламентке Азимбек Бекназаров келип жүргөндө да ушундай маалымат болгон, дагы 3-4 депутаттарга ушундай иштер бар деген. Ошонун бири катары Азимбек Бекназаров сизди айтып жүргөн?
- Азимбек Бекназаров официалдуу бир дагы сөз айткан эмес. Бир гана жолу айткан, Акаевдин учурунда заказ түшүп, ушундай иш ачылган экен, деп. Мен керек болсо бардык түшүнүктөрдү берем дегенде, айткан: "мен ошону эле айтып коеюн дедим эле сага", деп. Болгону ошол.
- Мурда Өмүрбек Текебаев азыркы бийликке карата катуу сындарды ачык айтчу эле. Бирок сиз азыр төрага катары өзүңүз балким, центристтик, ортомчул багыттасызбы? Сизди көбүрөк Акүйгө кылчактап атат деген пикирлер айтылып келүүдө?
- Силер бир нерсени түшүнүшүңөр керек. Жогорку Кеңештин төрагасынын эң негизги функциясы эмнеде? Бир функциясы - ар түрдүү бийлик бутактарынын ортосундагы байланышты үзүрлүү алып баруу. Алар менен кандайдыр бир салгылашуулар эмес, ошолор менен бийлик бутактарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү, бири-бири менен макулдашып иштегенге кандайдыр бир жардам берүү. Мен дайыма айтып жүрөм, мен техникалык саясатчымын. Мен эч качан өзүм кандайдыр бир партиянын башчысы же президент болом деген чоң максаттарды койгон эмесмин. Ошондуктан менин эң негизги максатым функцияда, биздин мыйзам кайсы функцияны көрсөтсө, ошол функцияны кароо.
- Мисалы, сиздин төрага болуп шайланышыңызга байланыштуу маселе. Өмүрбек Текебаев кеткенден кийин анын ордуна бир топ кишилер талапкер болду. Сизден журналисттер интервью алдык эле, мен да ошондо бар элем, сиз айткансыз, менин төрага болуу ниетим жок, деп. Кийин бирок сиз талапкерлигиңизди койдуңуз. Сизди Акүйдүн талапкери катары чыккан деп айтышат?
- Ким айтат?
- Басма сөздө, саясатчылар арасында?
- Алар айта берет. Эң негизи Акүйдүн талапкери деген кишилердин көбү өздөрү Аүйгө барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Мен Акүйдөн бир да киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмесмин, Бакиев менен да, Кулов менен дагы, Сыдыков менен дагы, бир гана менин колдоочуларым көп болчу. Алгач, туура - менин талапкерлигим бар болчу. Бирок ошол кезде биздин эле фракциядан Жантөрө Сатыбалдиев чыгып жатты. Кийин мен «Келечек” деген фракцияда болдум, ал жерде Сооронбай Жээнбеков да койду. Ал экөө тең аксакал. Мен айттым, жакшы, силер кое бергиле, эгер өтсөңөр проблема жок, эгер өтпөй калсаңар, анда көрөбүз деп. Ошондуктан мен өзүмдүн талапкерлигимди биринчи турда алып койгом. Алар өтпөй калгандан кийин мен чыктым.
- Эми азыр парламенттин акыбалы кандай? Кийинки окуяларга байланыштуу айрым кишилер парламентти таратыш керек, деген да сөздөрдү айтып атышат. Ошол эле учурда Дооронбек Садырбаев чыкты - президентке импичмент жарыялаш керек, деп?
- Менин оюм боюнча, Өмүрбек Чиркешовичке байланыштуу окуяда эгерде парламент өз позициясын көрсөтпөсө, анда мындай парламенттин Кыргызстанга кереги жок эле. Себеби Өмүрбек Текебаев менен болгон окуя - бул абдан жаман окуя болду. Ошондуктан өзүбүздүн коллегабызга болушуп, бул окуяны чындыкка чыгарып, мунун провокация экенин көрсөткөнү үчүн парламент чоң сый-урматка ээ болуш керек. Бул парламентти таратыш керек деген сөздөн алысмын. Импичмент боюнча мен Дооронбек Садырбаевге айттым, импичменттин өзүнүн жолдору бар, ал үчүн сөзсүз мыйзамдарга такап, доомат коюш керек, атайын комиссия түзүлөт, ал комиссия өз мехнизимин, дооматтарын даярдаш керек. Конституцияга, регламентке каршы келген суроолорду мен добушка койбойм, деп айттым.
- Азыр импичментке негиз бар деп ойлойсузбу, мисалы, моралдык жактан президент жооп бериш керек эле, анткени бир тууганы катышты деген болжолдор бар?
- Президент сөзсүз өз пикирин айтыш керек. Импичментке азыр негиз жок. Бирок, ушундай оор учурда президент өзүнүн позициясын так айтты, эгерде кимдир-бирөөнүн бул ишке катышы бар болсо, ал толугу менен жазаланат деп. Эми ушуну иш жүзүнө ашырса, президентти эл абдан сыйлап калат.
- Сиздер кабыл алган токтом, орусча айтканда рекомендация, сунуш, эске ала турган нерсе катары гана болуп атат. Бирок ошол эле убакта парламент кандайдыр бир деңгээлде өкмөткө, президентке реалдуу таасир бералбай аткандай маанай бар. Ушуну кантип жолго салыш керек?
- Мен андай нерсеге макул эмесмин. Өкмөт парламенттин көптөгөн сунуштарына өз макулдугун берип атат. Президент деле парламенттин бир топ сунуштарына макул болуп атат.
- Бирок сиздердин токтом боюнча азырынча жылыш жок го? Мисалы, Текебаевге байланыштуу токтомду айтып жатам?
- Текебаевге байланыштуу токтомдун кабыл алынганына эки эле күн болду. Жылышты эми көрөсүздөр.
- Сиздер ошол жерде айтыптырсыздар, мисалы, Бакиев менен Куловдун тандеми бул антиконституциялык тандем, деп. Буга өзүңүздөрдүн бааңыздарды бердиңиздерби же анын артында дагы бир нерсе жатабы?
- Эч нерсе жок. Биз бир гана нерсени айттык, бул тандем бири-бири менен келишим менен бекитилген. Ошол келишимде бул президенттин командасы мындай-мындай кызматтарды же Феликс Куловдун командасы мындай кызматтарда отурат, эгер бирөө кетсе, экинчиси келет деген антиконституциялык нормалар бар. Бизде Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары, өкмөт башчысынын ыйгарым укуктары так жазылган. Биз айттык - ошол Конституциянын негизиндеги гана иштей бергиле, бул документти унуткула, силердин союзуңар болсо боло берет, эч проблема жок, бирок аны кандайдыр бир документтер менен бикитип, ал документтер экөөңөрдүн колу-бутуңарды чырмабасын, дедик, болду - ошол эле.
- Токтомдо бир нерсе айтылган, президенттин бир туугандары тууралуу маселе. Бирок ал пункт өткөн жок. Кандай деп ойлойсуз, президент ушундан бир жыйынтык чыгарыш керекпи, же парламентте ал пункт жетиштүү добуш алган жок, деп ошол бойдон унчукпай калыш керекпи. Сиздин позицияңыз кандай?
- Ачык айтканда, мен Улуттук банкта иштегенде менин бир дагы тууган-туушканым Улуттук банкта дагы, финансы системасында да иштеген эмес. Мисалы, менин келинчегимди көптөгөн финансы уюмдарына чакырганда мен макулдук бербей койгом. Себеби, ушундай байланыш болуп калат деген сөз чыкмак. Бир жагынан президенттин туугандары дагы иштөөгө акысы бар, бирок моралдык жактарын да биз карашыбыз керек. Эгерде жакшы иштеп атып, элге көптөгөн жакшылыктарды жасаса эч проблема болбойт. Бирок анча-мынча сөздөр кээ бир бизнеcмендердин арасында болуп калса, андай сөздөрдү же токтотуш керек, же иш жөнүндө чечим кабыл алыш керек.
- Ошондо эми президент эмне кылыш керек деген ойдосуз?
- Мисалы Марат Бакиев жөнүндө андай сөздөрдү уга элекмин, Адыл Бакиев жөнүндө анча-мынча ошондой сөздөр бар...
- Дагы бир маселе, сиз Конституциялык түзүлүш боюнча комитеттин төрагалыгына атсалышып атканда да оюндар болбодубу көшөгө артында, сиз ачык айттыңыз эле, Исхак Масалиев үчүн Акүй катуу иштеп атат деп?
- Үсөн Сыдыков ачык колдогон. Мага министрлер келип айтышты, Сыдыков бизди чакырып, Исхакты колдойсуңар, бүт тааныш депутаттарыңарга айткыла, деп айтты деп. Мисалы, Исхак экөөбүз абдан жакшы мамиледебиз. Бирок мен болгон маалыматты Исхакка ачык айтым, Үсөн Сыдыков мындай министрлерди чакырып, ушундай тапшырма берип атыптыр деп. Исхак, мен аны билбейт экемин, деди. Бирок ал министрлер мага ачык айтышты...
- Анан сиз кандай жол менен, кайсы негиздерде өттүңүз?
- Мени колдогон, санаалаш, бири-бирибизди сыйлаган депутаттар мен тарапта көбүрөк экен. Ошолор мени колдоп кетти.
- Марат мырза, палатада айрым депутаттарды, анын ичинде Айдар Акаевди мандаттан ажыратуунун айланысында көп маселе болуп келатат. Бул эмне үчүн созулуп атат, же Айдар Акаевди депутаттык мандаттан ажыратууга негиз жокпу? Бул маселе боюнча өзүңүздүн позицияңызды билсек?
- Өзүмдүн позициямды мен мурда эле айткам. Мыйзамдын чегинде регламентке өзгөртүүлөрдү киргиздим эле, төрагага укукту бергиле, бир гана сессия башталганда эмес, убакыт келгенде сессиянын жарымынан көбүнө катышпай калган учурларда төрага ушул маселени көтөрө берсин деп. Тилекке каршы, анда өтпөй калган. Биздин регламент боюнча жаңы сессия башталганда бир айдын ичинде гана төрага ушул маселени киргизе алат. Ошондуктан мыйзамга ылайык мен ушул маселени киргиздим. Себеби Айдар Акаев бир дагы заседаниенин бир дагы күнүнө катышкан жок. Ошондуктан анын себеби кандай экенин комиссия иликтеп атат. 15 кишиден турган комиссия түздүк. Регламентте ошондой айтылган. Комиссия жакында өз жыйынтыгын чыгарып, айтып берет.
- Процедурасы кандай болушу мүмкүн?
- Алгач комиссия карап чыгышы керек, баардык маалыматтарды алышы керек. Бизде регламентте жазылып калыптыр, ишке келбеген депутат өз ой-пикирин сөзсүз айтыш керек, деп, эмне үчүн ушундай мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй калды, эмне үчүн ал келбей калды жыйынга деп. Ошондуктан комиссиянын төрагасы Мелис Эшимканов бүгүн мага келди, ошол регламенттин жобосун аткарыш үчүн биз Айдар Акаевге бир нече депутаттарды жиберели, өзү бул жакка келбесе дагы, камеранын астында түшүнүктөрүн берсин, эмне үчүн келбей жатканы жөнүндө, деп.
- Дагы эки депутаттын аты аталбай атты эле, Малабаев менен Керексизовдун?
- Малабаевдин убактысы 15-июнда жарым сессиядан көбүрөк убакыт болуптур. Ошондуктан 15-июндан кийин анын маселесин койсо болот. Ал маселени мен жардамчыларына, аны коргоп жаткан депутаттарга айттым. Алар айтып атат, анын ооруп атат деген справкалары бар, дагы бир башка жүйөлүү себептери бар, деп. Мен айттым, аны 28-сентябрга чейин алып келбесеңер, мен Малабаевди да офциалдуу түрдө комиссияга киргизем, деп айттым.
- Алар айтып атышат, депутат өзү жок болгону менен, ал шайлоочулары менен түздөн-түз иштеп атат, баланча жерге мындай жардам берген, деп. Мыйзамдык жагынан алганда бул кандай?
- Эгерде мыйзамда кандайдыр бир башка нормалар болсо мен эч кандай аракет жасабайт элем. Мыйзамда так жазылган, жүйөлүү себеп менен жок болсо бир жөн, эгерде жүйөсүз себептер менен сессиянын заседанелеринин жарымынан көбүнө катышпаса, анда ушул маселени төрага көтөрүш керек деп. Мен мыйзамдын чегинде гана ишти жүргүзүп атам.
- Сиз төрага катары айтсаңыз, соңку учурларда айрым пикирлер бар, тигил же бул депутат кайсы бир маселе боюнча добуш берердин алдында сунушту киргизип аткан министрлик же ведомство, же башка тараптар менен аябай жакшы сүйлөшөт, анан жең ичинен сыйлыктарды, акчаларды алышат, сыйын көрүшөт, саунасына барышат деген да пикирлерди айтышат. Азыр берилип аткан добуштардын процедурасы өзү кандай болуп атат?
- Мен мисалы, бир дагы министр менен, же депутаттар менен мончого да, эч жакка да барбайм. Менин режимим абдан эле жөнөкөй. Ачык айтканда, кичине эле убактым болсо бодибилдингге барам, штанга көтөрөм, тоодо көп басам...
- Теннис да ойнойт окшойсуз? Танаев менен теннис ойногонуңузду айтам...
- Аны деле айтып берем, ал жерде проблема жок... Анан ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттары жөнүндө менде андай маалымат жок. Мисалы, министрлер келип ушундай депутаттар бир нерсе доолап атат деген арыз-муңдарын мага эч качан айтышпайт. Эгер азырданса мен ал депутаттар менен сүйлөшөт элем.
- Николай Танаев менен кантип чогуу тенис ойноп калдыныз?
- Николай Танаев бизди чакырган эмес. Туура эмес маалымат кетти. Бизди “Единая Россия” деген партия чакырды. “Единая Россиянын” негизги демөөрчүсү Газпром экен. Газпромдун “Газпром нефть” деген кичинекей ишканасы бар, ошол жерде Танаев башчынын жөнөкөй эле кеңешчиси. Кеңешчи каржылык маселелерди чече алчу беле? Момункулов экөөбүз Грызлов менен Штарпищевге каршы ойношубуз керек эле. Мен теннисте болгонгу 2-3 ай ойноп атам. Бирок жакшы эле ойноп калдым го деп ойлом.
- АКИпресстеги сүрөттү өз көзүңүз менен көрдүңүзбү? Матвиенко ким менен учурашып аткан, сиз мененби, же Танаев мененби?
- Ооба көргөм. Матвиенко мени менен да, Танаев менен да учурашкан. Матвиенко абдан жүнү тирүү аял экен. Ал келип күлүп, бардыгы менен кучакташып учурашты. Аны көбү тааныйт экен. Мен мисалы, анча тааныбайт элем. Биринчи биз жактан учурашып кеткен. Теннис турнири болгондо Танаев орустардын катарында ойносо болот эле. Бирок ал патриот катары кыргыздардын курамына өтүп, кыргызстандыктарга жеңишти алып келип берди. Антип Кыргызстандын аброюн көтөргөнү үчүн ырахматыбызды айтып коюшубуз керек, сындабай. Экинчи жагынан, Танаев эч кандай эл аралык издөөдө эмес.
- Ал кишини таза, жакшы иштеген деп ойлойсузбу?
- Губернаторлорго 6 Джип алып берди дейт. Эгер ал туура эмес болсо эмне үчүн азыркыга чейин губернаторлор 6 Джипти минип жүрүшөт. Бул жерде ушундай суроо. Курулушка деп өзүнүн баласына акча алып берди дейт. Бирок ошол эле курулушка өзүнүн баласына бар болгону бюджеттен 2-3 млн. сом бөлүнүп берилиптир. Азыр бардыгы айтып атышат, госстройдун актысы бар, 10 млн. сомдук иш жасалыптыр. Ошонун бардыгы мамлекеттин карамагында турат. Ал жеке менчик эмес, президенттин иш башкармалыгында...
- Мындайча алганда, ар ким эле өзүнүн баласына бюджеттин акчасын бере берсе эмне болот? Сиз Жогорку Кеңештин акчасын бир туугандарыңызга бере берсеңиз? Же болбосо президент Бакиев тигинтип бир туугандарына жан тарта берсе?
- Ал моралдык жактан туура эмес. Мисалы, мен башкалардан айырмаланып Жогорку Кеңештин, же Кыргызстандын акчасына муктаж эмесмин. Себеби менин иничегим чет өлкөдө жакшы иштеп атат. Ал Кыргызстан турмак, СНГ өлкөлөрү менен байланышпаган атактуу эл аралык компанияларда иштеп атат. Мен Кыргызстан менен, КМШ мамлекеттери менен байланышпайынчы, деп атайын кетти. Бир да жолу бир да тендерди же башканы тууганыма да, досума да берген эмесмин.
- "Кыргызгазмунайзатта" жоголгон акчаларга сиздин тиешеңиз бар деп көп эле сөздөр болду?
- Өзүңөр көрдүңөр сот өз чечимин чыгарып берди. Жайсаңбаев соттон көп позицияларын утуп алды. Бухгалтерияны туура эмес жүргүзгөндүгү үчүн, бир аз чыгымдары бар экен, анын бардыгын ал толуктап берди. Ал үчүн шарттуу түрдө эркинен ажырады. Бирок негизинен ал ошол жерде берген бүт көрсөтмөлөрүндө айтып берди. Андан кийин сот чечим чыгарып берди.
- Токтомго келсек. Улуттук коопсуздук кызматын президенттин карамагынан өкмөткө өткөрүп бериш керек деп айттыңыз. Ошол пункт боюнча кандай добуш бердиңиз?
- Мен макул деп добуш бердим. Азыркы мезгилде Улуттук коопсуздук кызматы дээрлик коомдук, парламенттик контролдон чыгып кеткен. Аны эч ким текшере албайт. Аны бир гана президент көзөмөлдөөгө укуктуу. Иш көрсөткөндөй президент дагы көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү жок экен. Себеби, мисалы, Өмүрбек Текебаев менен болгон окуяда ошол эле күнү мен комиссия түздүргөм. Комиссиянын башына Тайырбек Сарпашевди коюп бергем. Андан кийин бүт тапшырмаларды бергенбиз. Ошондо аэропортто иш жакшы жүрбөй жаткан. Мен Курманбек Салиевичке телефон чалып, ушундай иш болду, жардам берип койуңуз десем, ал "мен да ишенбейм Өмүрбектин мындай кылышына, менин атыман ар бир кишиге тапшырма бере берсең болот", деп айткан. Ошол тапшырманы аэропортко түздөн-түз бергенбиз. Бардыгы абдан жакшы жардам беришкен. Ошон үчүн тасмалардын бардыгын биздин депутаттык комиссия топтоду.
- Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн иштешине кандай баа бердиңиздер. Токтомдо айтылып атат, башкы директорду кызматтан алсын деген сунуш болуп атат?
- Бул 38 добуш менен өтүп кетти. Мен өзүм Кыясты абдан урматтайм, сыйлайм. Бирок акыркы саясаты биздин депутаттарды ушундай добуш бергенге түртүп койду. Биринчиден, Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды эле, бул жөнөкөй окуя эмес, бул бүт Кыргызстанды толкуткан окуя болуп атат. Ошондуктан 14-сентябрда болгон көрсөтүүнү дагы бир сыйра күндүз көрсөтүп койсоң, себеби шайлоочулар суранып атат, деп депутаттар кайрылып, биз добуш берип колдогон элек. Кыяс ошону көрсөтпөй койду. Бирок жүйөлү себептер менен көрсөтпөй коюшу мүмкүн. Бирок көрсөткөн жок. Андан кичине өтпөй эле, Баткен телевидениеси дагы абдан туура эмес маалыматтарды берип жиберди. Үчүнчү себеп, биз Мамыров Надырбекти жана Жаныш Бакиевди издеп таппай жүрсөк, алар эменегедир КТРден маалымат берип атышат. Ушул үч нерсе Кыястын рейтингин бузуп койду, ал 38 добуш алып калды.