Орусиянын бир катар шаарларында бүгүн милдеттүү түрдө аскерге барууга каршы акциялар болуп өттү. Ушул күздө армияга баш аягы 130 миң улан чакырылганы турат. Орусиянын шаарларында ушул эле күнү “Жакырчылыкка каршы марш” деп аталган да акция болуп, пенсияны жогорулатууну жана коммуналдык кызмат үчүн акыны азайтууну талап кылышты.