Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

САЛАМАТ АЛАМАНОВ : ЧЕК АРАДА ЭЛҮҮ ЧАКТЫ ТАЛАШ АЙМАК БАР


Суроо салган Улан Эшматов, Прага Чегараны аныктоо боюнча коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр кандай натыйжаларды берүүдө, талаш аймактардын тагдыры кандай чечилип жатат? “Азаттыктын” ушундай суроолоруна премьер-министрдин аппаратынын регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы, чегараны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Саламат Аламанов жооп кайтарды.

-Чегараны тактоо иштери талаш аймактарга келип, соңку кезде иши жайлап калганы айтылып жүрдү эле. Эми Ташкенде эки аптага созулган сүйлөшүүлөрдө кандай келишимдерге жетиштиңиздер?

- 13-сентябрдан 24-сентябрга чейин Ташкент шаарында эки тараптын өкмөттүк делегациялары 2000-жылы башталган чегараны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарууга белсенип, эксперттик топтор менен бир топ иштерди аткарганга үлгүрдүк. Негизги максатыбыз, эксперттик топтордун 48 жолку жолугушуусу жана жалпы өкмөттүк делегациялардын 20 жолугушуусунун ичинде кандай иштер аткарылганы жөнүндө Кыргыз Республикасынын президентинин Өзбекстанга официалдуу сапарынын алдында жыйынтыктаган маалымат берүү болгон. Биздин иштин жыйынтыгын карап көрсөк, мурда чегаранын узундугун 1295 километр деп айтып жүрдүк эле, ал да бир тактоолордун негизинде айтылган сөз болчу. Бул жолу чоң, ири масштабдуу карталарды пайдаланып, айрым чегаранын татаал бөлүктөрүн карап чыгып, (Өзбекстан менен) жалпы узундугу 1376 км. чегарабыз бар экенин дагы бир жолу эки тараптуу тастыктап көрдүк. Бүгүнкү күндө ошол чегаранын 1046 километри эксперттик топтор тарабынан макулдашылып, өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилгенин айтып койсок болот.

- Демек, чегара мурдагыдан дээрлик 80 километрге узарыптыр да?

-Чегара өзү узарып кеткен жок. Биз ири масштабдуу карталарды колдоно баштабадыкпы. Эгерде биз мурда 100 миңдик карта менен иштеп, 1295 км. деп тактап жүрсөк, азыр он миңдик, беш миңдик, эки миңдик масштабдагы карталарды пайдаланганда чегаранын жүз миңдикте түз сызык болуп кеткен жерлеринин ийри-муйрулугу дагы чыгат, ошолорду эсептеп ченеп көргөндө жанагыдай узарды. Эгерде биз азыр бүт чегараны ошондой ири масштабдагы карта менен ченеп көрсөк, чегаранын жалпы табигый узундугу мындан дагы узарып кетет. Бул картанын технологиясына, масштабына жараша сызыктардын ириленишине, жалпыланышына байланыштуу болот. Бул жерде эч кандай таңкалыштуу нерсе жок. Бул картографиянын жана карталардын касиетине байланыштуу болгон нерсе.

- Президент Бакиевдин күтүлүп жаткан визит учурунда эки өлкөнүн чегарасы боюнча макулдашууларга кол коюлбайбы?

- Макулдашууга кол коюлбайт. Себеби жалпы чегара сызыгынын тактоосунда да бир топ иштей турган иштер бар экен. Бүгүнкү биздин жыйынтыктоонун негизинде чегаранын элүүдөн ашык бөлүгүндө эки жактын пикирлери дал келбей туруп атат. Ошондуктан көп терезеге, такталбаган бөлүктөргө ээ болгон чегара сызыгы жөнүндөгү келишим кандайдыр бир деңгээлде туура эмес болот. Бирок эки тараптын мамлекет башчылары сөзсүз түрдө эки мамлекеттин эң бир көйгөйлүү маселеси болгон чегара жөнүндө талкуу жүргүзүшөт. Азыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндөгү маалыматтардын негизинде мүмкүн жолугушуунун натыйжасында кандайдыр бир саясий чечимдерге келишсе, анда биздин делегациянын ишинин андан аркы жылышына дагы өбөлгө түзүлөт деген ойду айтсак болот.

-

- Чегара маселесин чечүүдө ар дайым эле укуктук жана башка куралдарды колдонуп чечүүгө мүмкүн болбой калган жерлер болот. Мына ошондо мамлекеттик жогорку бийликтердин чечими менен айрым жерлерди бөлүп алуу, алмашуу деген принциптүү чечимге келишкенден кийин, анан делегациялар, адистер ошонун үстүндө иштей башташат дагы, эки тарапка тең ыңгайлуу болгондой жолдорду издеп, талаш аймактагы маселелерди чечүүгө жол алат.

XS
SM
MD
LG