Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 11:01

ОРУС-ГРУЗИН КРИЗИСИ: КИМДИН ӨМГӨГҮ КҮЧ?


Евросоюз Россия менен Грузияны сүйлөшүүлөрдү жандантып, өз ара мамилелерин кадимки абалга келтирүүгө чакырды жана эки тараптын талаштарына ортомчу болууга даярдыгын билдирди. Бирок байкоочулар Тбилисиде камалган төрт офицерди бошоткону менен Грузияны жазалоо чараларын Россия токтотпойт болуу керек дешет.

Россия Грузия менен транспорттук бардык каттамдарын токтотту. Тбилисиге кечээтен бери самолеттор учпай калды, эми автомобил, темир жана деңиз жолдору жабылат,почта байланышы токтотулат. Жакынкы күндөрдө банк жана почта аркылуу акча которуу ишине да тыюу салынат. Өкмөт даярдаган мыйзам долбоорун Мамлекеттик дума шашылыш түрдө карап чыкканы жатат.Мындан тышкары айрым орус саясатчылары Россияда жалданып иштеп жаткан грузиндердин көбүн өлкөдөн чыгарууну сунуш кылышууда. Тбилисиде орус элчилиги жабылат деген кеп бар, грузиндерге виза берүүнү токтотконго көрсөтмө берилди.

Россияда жалданып иштеп, жан багып жүргөн грузиндер бир жарым миллиондой бар дешет,алар жыл сайын Грузияга 2 миллиард доллардан ашуун акча которуп турушат. Бул сумма Грузиянын бүткүл улуттук дүң продуктысынын 20 процентин түзөт. Грузиядан Россия электровоздор үчүн жылына 100 миллион доллар наркындагы запастык бөлүктөрдү алып келген, эми аны алгандан да баш тартышты.Грузин виносуна жарыяланган бойкоттон эле Тбилиси мамлекеттик бюджеттен 80 миллион доллар кирешеден кур калды.

Эң талуу жери – Грузия табигый газдын 80 процентин орустардан алат. Эгер Россия газдын баасын азыркыдан жогорулатса же таптакыр эле токтотуп салса, быйыл кышта бүткүл Грузияны орустар отун-суусуз калтырышы ажеп эмес. Бирок айрым байкоочулар кырдаал буга чейин жетпейт деп үмүт кылышууда.

Кокус кризис дагы курчуп кетсе, Россия Грузияны саясий жактан да жазалашы ыктымал. Бир айдан кийин Түштүк Осетияда референдум өткөнү жатат, анын натыйжасы кандай болору азыртан эле белгилүү. Россия Түштүк Осетиянын, ага кошуп Абхазиянын көз карандысыздыгын таанып салышы ыктымал. Орус-грузин жаңжалынан улам абхаздар менен осетиндер Тбилиси менен сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялашты.

Орус-грузин кризисинин тереңдеши Москвага да баарыдан мурда саясий планда пайдасыз. Батышта аны “чоң сегиздиктен” чыгаруу чакырыктары айтылышы мүмкүн. Бери эле дегенде Россияны башкача көз менен караган маанай күч алып, экономикалык ишенимдүү өнөк эмес, эл аралык бейпилдикке бүлүк салган өлкө, кайрадан империялык дем-дымагы чыга баштаган мамлекет дегендей токонаалат кептерге калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG