Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:47

АКШ АСКЕР БАЗАСЫН ТҮШТҮККӨ КОТОРУУ ТАЛАБЫ КОЮЛА БАШТАДЫ


26-сентябрда “Манас” аэропортундагы учактардын кагылышуусу аталган аэропорттон антитеррордук коалициянын авиабазасын четтетүү тууралуу талаптардын кайрадан көтөрүлүшүнө негиз болуп берди. Мындай талап ээлери согуштук авиабаза эларалык “Манас” аэропортунун келечегине залал тийгизет деп эсептешет.

Аскердик авиабазанын "Манас" аэропортунан четтетилүүсүн талап кылган жарандардын пикири боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөөчү эл аралык маанидеги аэропортто адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү согуштук техникаларга ээ авиабазанын жайгашканы туура эмес. Алар “Манас” аэропортунда антитеррордук күчтөрдүн айынан буга чейин да болгон кагылышууларды белгилеп, эгер мындай окуялар улана берсе, айрым чет өлкөлүк аба компаниялары учактарын “Манас” аэропортуна кондуруудан баш тартуусу мүмкүн экендигин айтышууда.

Өткөн жылы АКШ авиабазасынын Кыргызстандын экологиясына зыян келтирип жаткандыгын айтып чыккан Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын төрайымы Токтайым Үмөталиева аскердик базаны террорчулар көбүрөөк коркунуч туудурган Баткен аймагына көчүрүү керек деген пикирин билдирди:

-Терроризм менен күрөшөбүз десе, бул база Баткенде жайгашууга тийиш. Анткени түштүктөн келе турган террористтердин жолу, багыты белгилүү. Мындан тышкары Ооганстандан наркотраффик өтөт. Памир-Алай жолун да текшергенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол жакка жайгашуусу керек.

Антитеррордук күчтөрдүн авиабазасын өлкөнүн түштүк жагына көчүрүү талабын буга чейин Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да билдирген. Анын оюнча аскерий учактар жарандык учактарга коркунуч туудуруп жатат:

-Бул базанын миссиясы террорчуларга каршы күрөшүү. Ал эми Ооганстан түштүк тарапка жакын жайгашкан. Бишкектеги аэропортто чет өлкөнүн аскердик базасы болууга тийиш эмес,-деп белгиледи Акыйкатчы.

Бирок АКШ аскердик авиабазанын Ош аэропортуна көчүрүлүшүнө каршы пикирдеги жарандар да бар. Карасуу районунан шайланган ЖК депутаты Арапбай Төлөнов Ош аэропорту тескерисинче калк жыш жайгашкан Ош жана Карасуу шаарларына өтө жакын жайгашкандыктан, аскерий абабазасын жайгаштыруу таптакыр мүмкүн эместигин айтты.

Антитеррордук күчтөрдү көчүрүү талабы менен бирге эле аскердик авиабазанын “Манас” аэропортуна жайгашуусу тууралуу түзүлгөн келишимди да кайрадан карап чыгуу маселеси козголо баштады.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бул келишимди өзгөртүүнү сунуштап Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановго кайрылган.

Бирок мыйзам боюнча “Манас” абамайданын антитеррордук күчтөргө ижарага берүү келишимин кайра карап чыгуу тууралуу Акыйкатчы Жогорку Кеңешке сунуш кыла албайт. Анткени келишим учурунда мурдагы парламенттин макулдугун алган. Келишимди кайрадан карап чыгуу тууралуу кыргыз өкмөтү сунуш кылмайынча Жогорку Кеңеш карай албайт дейт парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков.

АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасы "Манас" аба майданына 2001-жылдын аягында жайгаштырылган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG